Момбеков: Медиктер COVID-19 кетпесе койсун, комик кетсе болот эле деп жатышат

Жогорку Кеңеште 27-майда өткөн жыйында депутат Рыскелди Момбеков Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттыгын текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, аткаминер COVID-19га каршы дары катары акониттин тундурмасын (Ысык-Көл тамыры) көрсөтүп мамлекетти уят кылган.

Депутаттын айтымында, Бейшеналиев президент Садыр Жапаров менен Владимир Путин уу коргошун тууралуу сүйлөшкөн деп карандай калп айткан.

«Дагы жакшы Эрбол [Султанбаев] деген [президенттин басма сөз катчысы] бала эки саатка жетпей апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо президентти да уят кылмакпыз да ошол уу коргошунду Москвага барып кеп кылыптыр деп. Ушул жерде 84 депутат* министр кетирилсин деп токтом чыгарган. 84 добуш менен президентти кетирсе болот го, импичмент менен. 84 добуш менен башкы прокурорду дагы кетирсе болот. Эмне үчүн биз ошол саламаттык сактоо министрин кетире албайбыз? Бардыгыбыздын эле тууган-туушкандарыбыз бар, врачтар, жоро-жолдоштор менен иштешкен [медиктер], алардын баардыгы эле COVID-19 кетпесе койсун, комик кетсе болот эле деп жатышпайбы. Ушуга чейин жетпедиби», — деди Момбеков.

*28-апрелде парламент премьер-министр Улукбек Мариповго Бейшеналиевди жумуштан кетирүүнү сунуштаган. Аны отставкага кетирүү үчүн 81 депутат макулдугун берген.

Президенттин басма сөз катчысы: Жапаров менен Путин уу коргошун тууралуу сүйлөшкөн эмес

Аконит, Жапаров жана Бейшеналиев

Эскертүү, бул өсүмдүк уулу жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер басат жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Ал ыкма уу коргошундун тундурмасы боуп чыккан.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өзү курган басма сөз жыйындын түз эфиринде кайнатма ичкен. Кийин Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус менен жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын билдирген.

Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев тундурманы ичүү үчүн тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктаарын да билдирген.

Ал эми президенттик аппараттан журналисттерге уу коргошундун кайнатмасы «Ала-Арча» мамрезиенциясында даярдалып жатканын, ал үчүн өзүнчө орун жай берилгенин кабарлашкан.

Саламаттык сактоо министри аконит тамыры менен ашказан рагын жана радикулитти дагы айыктырса болорун айткан.

Ошол эле кезде министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келишим мүмкүн экенин да танган эмес. Саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичкенден кийин ЖМКлар бир нече ууланган учурлар дагы катталганын жазышкан.

Министр уу коргошунду үй шартында колдонгон адамдар үчүн жоопкерчилик албасын билдирген. ДССУнун миссиясы коронавирусту Ысык-Көл тамыры менен дарылоо мүмкүн эместигин айткан.