Уу коргошундун клиникалык сыноосу аяктады, профессорлор корутунду бериши керек — министр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинде акониттин тундурмасын (уулуу Ысык-Көл тамыры / уу коргошун) сыноо аяктаганын билдирди. Анын айтымында, сыноого 300-400 адам катышкан.

«Эң жакшысы, Ысык-Көл тамырынын дозасынан кийин иммунитет көтөрүлөт. Тундурма COVID-19 менен ооруп жаткандардын өпкөсүнөн какырыкты чыгарып, канында сахарды азайтат. Ашказан рагында дагы ушундай, ооруканалар мурда төртүнчү даражадагы бейтаптарды чыгарып коюшчу. Бирок биз тундурма ичкендердин шишиги андан ары өспөгөнүн далилдедик», — деди ал.

*Клиникалык сыноо же изилдөө — препараттарды каттоого алынганга жана кеңири колдонууга алып чыкканга чейинки иштеп чыгуу этабы. Сыноонун алкагында жаңы препараттын коопсуздугу жана натыйжалуулугу тууралуу маалыматтар алынат. Негизи мындай сыноолор үч-төрт этап менен өткөрүлөт — ар биринде сыноого катышкандардын саны көбөйөт.

Министрдин акониттин тундурмасы төртүнчү даражадагы ашказан рагында жардам берет деп айтканы дагы далилденген эмес. Уу коргошунду ченемин туура билбей туруп ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Министр алынган маалыматтар Орусия жана Казакстандагы «чоң-чоң академиктер менен профессорлорго» жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Алар өз корутундуларын бериши керек.

«Москвага эки, Астанага эки окумуштууга жөнөтүлдү. Орусиянын айрым аймактарында дагы аконит колдонуп жүрүшөт. Алар биргеликте изилдөөгө даяр. Алардан жооп келген соң илимий-техникалык кеңеш чогултабыз. Башкача айтканда, стандарттуу процедура, кайсыл дары болбосун өткөрүлүүчү нерсе. Бул COVID-19ду дарылоочу каражат эмес. Бирок ал иммунитетти көтөрөт, оорунун жеңилд жана оор түрүндө какырыкты чыгара. Жандандыруу бөлүмүндөгу оор абалдагы бейтаптарга кайнатма ичирген жокпуз», — деп билдирген министр 24.kg басылмасына курган маегинде.

Чиновник профессорлор менен окумуштуулардын аты-жөнүн кийинчерээк айтаарын убада кылды.

Депутат Айбек Алтынбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында министрди сындап, жыйынтыгы чыкканга чейин эле Бейшеналиев «камерага аконит ичип», аны пропаганда кылып жүрөт деди. Ал эми эл өкүлү Сайдулла Нышанов «министр өлкөнү жана медицинаны уят кылып жатканын» билдирип, «же парламент, же болбосо Бейшеналиев*» оставкага кетиши керектигин кошумчалады.

*28-апрелде парламент премьер-министр (учурда министрлер кабинетинин башчысы) Улукбек Мариповго Бейшеналиевди кызматынан бошотууну сунуштаган. Анын отставкасы үчүн депутаттардын 81и добуш берген.

Аконит же уу коргошун деген эмне?

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Дарыны жасоо үчүн өсүмдүктөрдүн тамырлары колдонулат, тамырлар жазында жана кышында кардын алдынан чогултулат. Өсүмдүктүн бардык бөлүктөрүндө алкалоид, анын ичинде өтө уулуу аконит заты бар.

Аконитин булчуңдарды тырыштырып, шал кылуу таасирге ээ, тери, чел кабыктар аркылуу тез, ал эми ичеги аркылуу андан да тез сиңирилет. Кычыштырат жана анестезиялык касиеттери бар.

Аконитти ичкенден кийин адамдын дене табы төмөндөйт, аритмия башталат, баш айланып адам калчылдап-титирейт. Дем жетпей, жүрөк токтоп калгандан адам өлүмгө дуушар болот.

Аконит, Жапаров жана Бейшеналиев

Ысык-Көл тамырын COVID-19га каршы дары деп Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 15-апрелде ал социалдык тармактагы барактарында билдирүү жазып, жергиликтүү дарыгерлер «оору башталганда барсаңыздар бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты» деп билдирген. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон.

Кийинчерээк Facebook компаниясы Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнү белгилүү болгон. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өткөн басма сөз жыйында түз эфирде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.

Бейшеналиев ошол эле басма сөз жыйында тундурмага тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын билдирген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаровдун аппаратында уу коргошун «Ала-Арча» мамрезиденциясында стерилизацияланган шартта даярдалып жатканын, ал үчүн өзүнчө орун жай берилгенин билдиришкен.Саламаттык сактоо министри тамыр ашказан рагы менен радикулит үчүн да даба экенин айткан.

Ошол эле убакта министр Ысык-Көл тамыры өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн дагы айткан. ЖМКлар Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы басма сөз жыйындын түз эфиринде аны ичкенден кийин аконитке уулануу катталган бир нече учур катталган билдирген.

Министр уу коргошунду үй шартында колдонгон адамдар үчүн жоопкерчилик албасын билдирген. ДССУнун миссиясы коронавирусту Ысык-Көл тамыры менен дарылоо мүмкүн эместигин айткан.