Кулаган тик учактан 14 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды

Сүрөт: «АКИpress»

Ош облусунун Кичи-Алай айыл аймагына жакын жерде шашылыш конуу жасоого аракет кылганда кулаган тик учактан 14 киши жабыркады.

Алар тез жардам унаасы менен Ош облустук ооруканасына жеткирилди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, алардын ичинен бешөө оорукананын күйүк бөлүмүнө, бирөө сыныктар бөлүмүнө, үчөө нейрохирургияга жаткырылды.

Ал эми калган беш киши биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аскер госпиталына жөнөтүлдү.

«Ооруканага жаткырылгандардын биринин абалы “оор”, төртөөнүкү “канааттандырарлык” деп бааланууда. Жабыркагандардын баары тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин шашылыш конгон тик учакка Ноокат аймактык ооруканасынан үч тез жардам унаасы жиберилгендиги кабарланган болчу. Бирок вертолёттун кулашынан канча адам жабыркаганы маалымдалган эмес. Анткен менен Коргоо министрлиги кырсыктан үч аскер жеңил жаракат алганын билдирген.

Коргоо министрлигине таандык Ми-8 учагы Ош облусундагы Чоң-Алай районуна көздөп бара жаткан. Ал жерде 4-июнга караган түнү Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Унжу-Булак айылында контейнер орноткон. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен.

Тема боюнча:

Кичи-Алайда шашылыш конгон учакка үч тез жардам унаасы жиберилди

Ташиев: Тажик тарап тактала элек жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат

Тажикстан чек ара күзөтүн протоколдук келишимдин негизинде койгонун билдирди

Видео: Тажик аскерлери такталбаган аймакка контейнер орнотушту

ТИМ: Тажикстандын элчисине нота тапшырып, аскер күчтөрүн чыгарып кетүү талабы коюлду