Пневмония, грыжа жана инфаркт. Абактагы саясатчылардын саламаттыгы кандай?

7-8-июнда ЖМКлар сот камактан чыгарбай жаткан абактагы бир катар оппозициялык саясатчылар ден соолугуна арызданып жатканын билдирди. Фарид Ниязовдун кайсыл жери ооруп жатат, Сегизбаев эмне себептен ооруканага жаткырылды, ал эми Атамбаев көпкө отура албайбы? «Клооп» абактагы үч саясатчынын ден соолугу тууралуу маалымат чогултту.

Сегизбаев: эки тараптуу пневмония

УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин камакка алынган экс-башчысы Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева 8-июнда жолдошу УКМКнын тергөө изоляторунан ооруканага которулганын кабарлаган. Анын айтымында, врачтар Сегизбаевди ооруканада дагы бир жумадай дарылашы керек болчу, бирок ал изоляторго кайтарылган.

«Көптөр жеке клиникаларда жатышат, арасында кармалгандары да бар. Бирок бизде андай акча жок. Ал аз жерден өлүп кала жаздады, дагы деле алсыз, бирок ага карабай коронавируска карата ПЧР-тест терс натыйжа көрсөттү деп УКМКнын ТИЗОсуна которуп коюшту», — деп Сегизбаева айтып берген.

Ал 9 күн бою Сегизбаевдин дене табы көтөрүлгөнүн, ал эми дарттан кийин тромб пайда болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.

«Албетте, врачтар дары-дармек беришти, бирок ТИЗОдон аны эч ким карабайт. Азыр ага жок дегенде күнүгө тамак киргизип турууга уруксат алууга аракет кылып жатабыз, ал эми жолугушуу боюнча сөз да кылып кереги жок», — деди ал.

Сегизбаев 24-майда эки тараптуу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Ага чейин, 20-майда Бишкектин Биринчи май райсоту Сегизбаевдин баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан.

Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган. Кармоо 2016-жылы чуу жараткан, «Белизгейт» деп аталган ишке байланыштуу болгон. Бирок бул саясатчыга каршы козголгон алты иштин бирөөсү гана.

Тема боюнча:

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» иши боюнча кармалды

Атамбаев: инфаркт болуу алдында турат жана омурткасында беш грыжасы бар

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 7-июнда Атамбаевдин абалы инфарктка жакындап калганын билдирген. Адвокат Атамбаев толук медициналык дарылоого муктаж экенин, №47 түзөтүү колониясында андай шарт жок экенин баса белгилеген.

Жоошев кошумчалагандай, саясатчынын оорулары жазылган узун тизмеге омурткасындагы беш грыжа кошулган — Атамбаев бели ооруп, көпкө чейин отура албай жатат.«Аны, албетте 47-абакта карап жатышат, бирок колонияда абалы жакшырган жок. Ал комплекстүү дарылануу менен операцияга муктаж. Колонияда болсо буларды кылып бере алышпайт», — деди адвокат.

Анын айтымында, дээрлик бир ай мурда эле врачтардын консилиуму корутунду бериши керек эле, бирок ал бүгүнкү күнгө чейин жок.

Буга чейин Атамбаевдин адвокаты мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирген. Бирок сот Атамбаевди камактан чыгаруу боюнча өтүнүчтү кароодон баш тарткан.

Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча кармалган. Атамбаев Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо, «Калыс-Ордо» конушунда мектептин курулушу жана Кой-Таш айылында анын үйүн спецназ тарабынан штурмга алуудагы окуяларга байланыштуу иштер боюнча дагы өтүп жатат.

Жоошев Батукаевдин иши кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн сот Атамбаевди абактан бошотушу керектигин бир нече жолу айтып чыккан.

Юристтин айтымында, Атамбаев фигурант болуп жаткан башка кылмыш иштери боюнча сот бөгөт чарасы тууралуу эч кандай чечимдерди колдонгон эмес, ошондуктан Атамбаев колониядан бошотулушу керек болчу.

Тема боюнча:

Адвокат Замир Жоошев: Шаардык сот Атамбаевди үй камагына чыгарган жок

Ниязов: гипертония жана инфаркт

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов. 

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун дагы абалы оор. Анын адвокаты Фарид Ниязов гипертониянын үчүнчү стадиясында, үчүнчү даражадагы кооптуу абалда экенин, бир нече жолу инфаркт алганын билдирген.

7-июнда Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 9-октябрында массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча отурум болуп өттү. Ал жерде Ниязов шектүү катары өтүп жатат. Сот аны дагы эки айга камакта калтырган.

Анда саясатчынын адвокаты «ЖАМК Ниязовду ТИЗОдон сырттан келген врачтар кошумча кароодон өткөрүшү керектигин суранганын, бирок үч айдан бери эч ким келе электигин» белгиледи.

Мурда Фарид Ниязов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алууга байланышкан иш боюнча кармалган. 2020-жылдын 6-октябрындагы митинг жана андан аркы башаламандыктар учурунда Ниязовду жана УКМКнын ТИЗОсундагы башка саясатчыларды митингчилер бошотуп чыгышкан.

Ал митингге катышууга үлгүргөн, бирок 10-октябрда кармалган. Андан соң бошотулуп, бирок 11-октябра кайрадан 48 саатка кармалган. Көп өтпөй массалык башаламандык окуяларына байланыштуу ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Андан соң ар бир эки ай сайын сот анын баш коргоо чарасын узартып келген. Ниязов өзү аны камакта калтыруу чечимин «саясий чечим» деп атаган.

Тема боюнча:

Сот Фарид Ниязовду 10-июнга чейин тергөө абагында калтырды