«Жолдошум бажы кызматкери». Чүйдө аял мурдагы күйөөсү тарабынан аёосуз сабалды

Сүрөт: Жактоочу Шердор Абдыкапаровдун фуйсбук баракчасынан алынды 

Жактоочу Шердор Абдыкапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунда 38 жаштагы аял мурдагы жолдошу тарабынан аёосуз сабалганын билдирди. Райондук ички иштер башкармалыгы аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Абдыкапаров зомбулукка кабылган аялдын кызыкчылыгын коргой тургандыгын фейсбук баракчасында жазды. Анын айтымында, аял күйөөсү аны ур-токмокко ала бергендиктен ажырашып кеткен. Бирок ага карабастан мурдагы аялын «өлтүрөм» деп коркутуп, артынан аңдып кол көтөргөндү токтоткон эмес.

Жактоочу жабырлануучунун кайрылуу катын да жарыялаган. Анда мурдагы жолдошу бажы кызматкери болгондуктан, буга чейинки жазган арыздарынан майнап чыкпаганын айткан.

«Жолдошум акыркы жолу “жарым өлүк” кылып сабап, ооруканда 22 күн жатып чыккам. Ошол эле күнү Аламүдүн РИИБине жолдошумдун үстүнөн арыз жазгам, КЖБРге катталган жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бирок экспертизадан “ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген” деген жыйынтык чыкты. Жолдошум бажы кызматкери болгондуктан, анын бардык жерде байланыштары жана тааныштары бар», — деген аял.

Жабырлануучунун айтымында, 8-июнга караган түнү мурдагы жолдошу аялды артынан аңдып, сабаган. Жактоочу жарыялаган кат менен кошо сүрөттөр да тиркелген. Анда аялдын денесинин баары көк-ала болгонун көрүүгө болот.

«Ачык эле телефонумду тартып алып, кайра кайтарган жок. Унаамдын алдыңкы айнегин талкалап, телефонумду сындырып салды. Бүгүн [8-июнда — ред.] Аламүдүн РИИБге экинчи жолу арыз жаздым. Бирок ал жерде “каракчылык” эмес “ээнбаштык” катары каттоого алышты. Эмне үчүн аялдарды жана балдарды коргоо системасы иштебейт? Эркектер айып төлөө менен гана кутулуп кетишет, эмнеге жазаны күчөтүшпөйт? Эмнеге бизди күйөөлөрүбүз өлтүргөнгө чейин күтүп турушубуз керек?» — деп кейиген ал.

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан 38 жаштагы аялдын мурдагы жолдошу тарабынан зомбулукка кабылгандыгы боюнча териштүү иши жүрүп жаткандыгын кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 8-июнда жабырлануучунун Кырман айылындагы үйүнүн жанында орун алган. Аны мурдагы жолдошу алгач уят сөздөр менен тукуруп, андан кийин ур-токмокко алып, унаасынын айнегин жана телефонун талкалаган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, шектүү милициянын тергөө кызматына алынып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү соттук- медициналык экспертизалар дайындалды.

Мындан сырткары, мекемеден жабырлануучу буга чейин да арыз жазганын ырастап, ал боюнча сотко чейинки тергөө иши аяктап сотко өткөрүлгөндүгүн кошумчалашты.

Аялдарга карата зордук-зомбулук

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 2019-жылы кризистик борборлорго, кайрымдуулук жана коомдук фонддорго жана аксакалдар сотуна жалпы 7 818 адам кайрылган, алардын ичинен 85%ы — аялдар. Кайрылуулардын көбү кризистик борборлорго туура келген — ал жакка жардам сурап 6 687 адам барган.

Ал эми ИИМдин статистикасына ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 025 учуру катталган. Ошол эле учурда жакындарынын жана туугандарынын колунан запкы жегендер басым, коркуу жана башка себептерден милицияга кайрылышпайт.

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын үчтөн бири 18-34 жаштагы кыз-келиндер, кризистик борборлорго жардам сурап көбүнесе ушул курактагылар кайрылат. Ал эми мындан улуу курактагылар кризистик борборлорго көп деле кайрылбайт.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» чукул байланыш кызматы ачылат

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?