Ошто «Сапат» лицейинин ата-энелер комитети Орхан Инандыны табууну талап кылышты

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.

Ата-энелердин бири Тургунбай Алдакуловдун айтымында, кыргыз билим берүүсүнө опол тоодой салым кошкон Орхан Инанды табылып, аны уурдаган кишилер жоопко тартылышы керек.

«Биз бул жака миңдеген ата-энелердин атынан өкүл катары келип отурабыз. Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич, Орхан Инандыны каракчылардын колунан аман-эсен куткарып беришиңизди суранабыз жана талап кылабыз. Эл аралык мейкиндикке чыккан мыкты окуучулардын ата-энелери катары тынчсызданып сизге кайрылып жатабыз», — деди Алдакулов.

Мындан сырткары, ал маалымат жыйынга келген ата-энелердин атынан эки талап менен келишкенин билдирди — бийлик Орхан Инандынын аман-эсен табуу жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоо.

«Буга чейин “эл аралык деңгээлдеги билим мекемелерин куруп, ачып берип жатасыңар” деп алкыш айтып, калпак кийгизип, сый көрсөттүк. Ал эми бүгүнкү күнү болсо кайсы бир өлкөнүн ички саясатында болгон басымдын артынан куру дооматтар коё башташты. Бул биз үчүн маанилүү эмес, ар бир өлкө өз саясатын өз өлкөсүндө жүргүзүшү керек», — деп белгилешти ата-энелер.

Маалымат жыйынга ата-энелер менен кошо келген «Сапат» лицейинин мугалими Айнура Нурматова УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге да кайрылды. Ал Орхан Инандынын Кыргызстандагы балдардын сапаттуу билим алуусунда орду бар деп белгиледи.

«Биз Кыргызстандын эркин жана цивилдүү жарандары катары, өлкө башчыга “эгер табылбаса мындай кадамдарга барабыз” деп шарт коюудан алыспыз. Биз болгону үмүт артып келдик, калганын кудайга коёбуз. Ал эми Орхан Инандыны уурдап кеткендерге “каракчылар” дегенден башка аныктама бере албайбыз», — дешти ата-энелер.

Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар

Буга чейин Бишкек шаарында эки күн катары менен Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өткөн. Аталган акциялар Кыргызстандагы Түркия элчилигинин алдында болгон. Ушундай эле нааразычылык акциялары 3-июнда өкмөт үйүнүн алдында да уланып жатат.

Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдаланы айтылууда.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Орхан Инанды Түркияда туулган. 2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхүллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент УКМК жана ИИМге Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

«Унаасы калып, өзү жок». «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды изделүүдө

Эрдогандын Гүлен менен араздашуусу кантип Кыргызстанга кедергесин тийгизүүдө?

«Маариф» фондусу: Кыргызстан Эрдогандын билим берүү тармагындагы Гүленге каршы согуш талаасына айланды

Бишкекте түрк элчилигинин алдында Орхан Инандыны табууну талап кылгандар митингге чыкты