Тайырбек Сарпашев 31-июлга чейин камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-вице-премьер-министр жана МККнын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевди бир жарым айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Сарпашев атайын кызмат тарабынанан 17-июнда «Кумтөр иши» боюнча «коррупцияга» шектелип кармалган.

«Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык Centerra компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды», — деп УКМКдан билдиришкен.

Ошондой эле, УКМК Сарпашев Кыргыз өкмөтүндө жооптуу кызматтарда туруп Centerraнын кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга «тоскоолдук кылган» деп айыптап жатат.

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген жогорку кызматтагы адамдарына карата козголгон.

Иштин алкагында экс-депутаттар, мурдагы өкмөт башчылар жана учурдагы депутаттар кармалып камакка алынды. УКМК төрагасы июнь айынын башында бул иш боюнча «айрым экс-президенттер да кармалышы мүмкүн» деп билдирген.

Тема боюнча дагы окүнүз:

«Кумтөр иши»: Мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды

Ташиев: Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатат

Ташиев: «Кумтөр иши» боюнча мурдагы президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн