Орусиялык мультимиллионер Кумтөргө журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн барганы айтылды

Алтын өндүрүүчү «Кумтор Голд Компани» (КГК) ишканасы орусиялык мультимиллионер Александр Лебедев кенге эмне үчүн келип кеткенин айтып берди. Компаниянын маалыматы боюнча, ал Кыргызстанга жеке журналисттик иликтөөсүн жүргүзүү үчүн келген.

«Лебедев мырза медиаэксперт катары жеке журналисттик иликтөөсүн жүргүзүү максатында “Кумтөр” кенине келип кетүүгө уруксат сурап кайрылган», — деп билдирген ишкана Kaktus.media басылмасына.

«КГК ишмердиги ЖМКларда дайыма чынчыл чагылдырылышын көздөйт. Биз буга чейин да эл аралык, жергиликтүү ЖМКларды жана эксперттерди жагдайды бейтарап чагылдыруу үчүн чакырган элек, азыр дагы бардык тараптар үчүн ачыкпыз», — деп белгилешти компаниядан.

Ал убакта Лебедев өзү дагы Инстаграм барагында алтын кенине эмне үчүн барганын айтып берди. Анын айтымында, ал «укмуштуудай экологиялык зыянды жана Кыргызстандын мурдагы жетекчилерине пара берилгенин далилдөөгө жардам берүүнү» көздөйт.

Александр Лебедевдин инстаграмынан алынган скриншот.

Алтын кендин айланасындагы эл аралык чуунун шартында Лебедевдин Кумтөргө барганы кыргызстандыктардын тынчын алган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир ай мурда башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияда сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт.

Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.

Ошондой эле 1-июнда Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышканы белгилүү болгон. Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

8-июнда сот алардын доо арызын канааттандырып, компаниялар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес, аларга доо коюлбашы керектигин жана алардын менчиги конфискацияланышы мүмкүн эмес деген токтом чыгарган. Кенди иштетүүгө байланыштуу келишимдер бузулуп же өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

Бирок Бөлтүрүктүн айтымында, кыргыз тарап келтирген жүйөөлөрдөн улам Нью-Йорк соту банкрот боюнча ишти 15-июлга чейин жылдырган.

Александр Лебедев деген ким?

Александр Лебедев — орусиялык ишкер, коомдук жана саясий ишмер, жазуучу. «Улуттукт резервдик корпорация» ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы, Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты. Слобод райондук думасынын депутаты.

Ал Британиядагы Independent онлайн-басылмасынын, London Live телеканалынын жана Evening Standard гезитинин ээси. Лебедев ири жеке акционер жана «Новая газетанын» инвестору да болуп эсептелет.

Анын байлыгын Forbes журналы 2016-жылы 400 млн долларга баалаган. 2020-жылдын октябрь айында ал Garantex криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Сергей Менделеев жана IT-инженерлер Роман Моисеев жана Илья Бугаев менен бирге эң алгачкы криптовалюталык банк жөнүндө долбоорун ишке киргизгенин жарыялаган.

Лебедев орусиялык жана чет өлкөлүк басылмаларга «Үчүнчү колониализм» феноменин ачканы тууралуу бир катар макалаларын жарыялаган. «Үчүнчү колониализм» — бул «алтын миллиарддын» кызыкчылыгы үчүн «өнүгүүдөн артта калган өлкөлөрдөн» финансылык ресурстарды сордуруп алууга негизделген система. Бул идеялар кийин анын «Банкирге аң уулоо» аталышындагы китебине жарыяланган.

РБК басылмасынын маалыматына ылайык, Александр Лебедевдин уулу The Evening Standart жана The Independent компанияларынын ээлеринин бири болуп эсептелет. Ошондой эле ал бир нече кайрымдуулук акцияларын уюштурган, алардын алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана аялуу социалдык топторду колдоого 75 млн (100 млн долларга чукул) ашуун фунт стерлинг чогултулган.

Тема боюнча:

Орусиялык мультимиллионер Александр Лебедев Кумтөр кенине барды