Ош ШИИБи: «“Ата-Журт Кыргызстандын” талапкери домкомдорго чай бергени» тастыкталган жок

Алтынбек Зайнидинов

Ош ШИИБи Алтынбек Зайнидиновдун «Датка» чайханасында «домкомдор менен квартал башчыларына түштөнүү уюштурган» деген маалымат боюнча ишти кыскартты.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакаловдун айтымында, аталган маалымат тастыкталган эмес.

Зайнидинов ОшМУнун административдик-чарбалык департаментинин жетекчиси. Ал 11-июлда өтчү шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 19 катар санда катышып жатат. Ал жыйынтыгы жокко чыккан апрелдеги шайлоодо да аталган партиядан талапкер болгон.

Домкомдор менен квартал башчыларынын чайханадан чыгып бара жатканынан «Азаттык» үналгысынын кабарчылары Маратбек Акимбек уулу жана Дастан Үмөтбай уулу күбө болушуп, БШКга жана милицияга кабар беришкен.

Акимбек уулунун айтымында, аларды чай уюштурулган кабинкага киргизишкен эмес. Ал эми журналисттерге кийинчерээк өздүк булактары анын ичинде Алтынбек Зайнидинов болгонун маалымдашкан.

«Кабинага киргизишкен жок. Домкомдорду таанып калдык. Кийин тактасак эки кварталдык кабинеттин башчылары да жүрүптүр. Аларды видеого тартып алганбыз. Ошол жерде эле бирөөбүз милицияга, бирөөбүз БШКга чалдык. Андан кийин арыз жаздык. 23-июнда маалымат такталган жок деп айтышты», — деп түшүндүрдү Акимбек уулу.

Журналисттер тергөөчүлөр маалыматты «жакшы» тактаган жок деген пикирде. Анткени домкомдордун бирөөсү анын туулган күнү экенин айтып, ошондуктан чогулушканын билдирген. Бирок суракта бул маалымат жалган болуп чыккан. Андан сырткары чайханадагы видео байкоочу камерадагы жазуулар да коомчулукка жарыяланган эмес.

«Биз качып чыгып кетип жаткан аялдардын бирөөсүн сураганыбызда, ал шашып атып “мен агитатормун” деди. Кайсы партиянын агитатору экенин сураганыбызда башка аялдар болбой эле машинага салып алып кетишти. Бизге маалымат берип жаткан киши ошолордун эле арасында болгон деп ойлоп жатабыз. Эгерде видеолорду алып караганда баары ачык көрүнмөк», — деди Акимбек уулу.

Буга чейин БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобуна Марат Акимбек уулунан маалымат келип түшкөнүн кабарлаган. Анда арыз ээси Ош шаарындагы Фрунзе көчөсүндөгү «Датка» чайханасында «Алтынбек Зайнидинов үй жана квартал башчыларына түштөнүү тамагын уюштурганын» билдирген.

Зайнидинов мындай ыкма менен аталган аймактагы жашоочуларга таасир этүү менен кайра шайлоо алдында жана шайлоо күнү айрым бир партиялардын пайдасына колдоо тапкысы келген деп айыпталган. Боршайкомдон аталган маалыматты тактоо үчүн ИИМге маалымат берилгенин белгилешкен.

Мамкызматкерлерди жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»

Июндун башында президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алып, админресурс колдонбоону эскерткен. Ал эми БШКын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 14-июнда Ошто өткөн жыйында милициянын ишин «эффективдүү эмес» деп сынган алган.

Анткени өткөн шайлоодо алты партия «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын админресурс колдонууга жана добуш сатып алууга айыптаган — партиянын курамынын 42% пайызы мамкызматкерлерден турган.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалып, ага 48,3 млн сом сарпталат деп пландалууда. 20-июнда үч шаардык кеңеште шайлоо өнөктүгү башталды.