Чүйдө аялын тирүүлөй жерге көмүүгө аракет кылган киши 280 саатка коомдук жумушка тартылды

Иллюстрациянын автору: Алена Печенкина

Чүй облусунун Панфилов райондук соту аялын ур-токмокко алып, тирүүлөй көмүүгө аракет кылган кишини 280 саатка коомдук жумушка тартты. Мындай чечим 21-майда кабыл алынганы белгилүү болду.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде болгон. Анда 35 жаштагы тургун ичимдик ичип келип, 33 жаштагы аялына кол көтөргөн. Андан соң сыртка чачтан кармап сүйрөп чыгып, казылган аңга түртүп, белине чейин топуракка көмүп жатканда 5-класстагы уулу байкап калып, кошуналарын жардамга чакырган.

Жабырлануучу кийин милиция бөлүмүнө барган. Ал жактан эгер арыз жазса күйөөсү камалып кетерин билген соң, келин арыз жазуудан баш тарткан. Бирок Чүй облустук милициясы келинди арыз жазбаганына карабай күйөөсүнө «Өмүргө жана ден соолукка коопту зомбулукту колдонуу менен коркутуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кылмышкер сот отурумунда Орусияда көп жыл иштеп 2020-жылы декабрь айында келгенин айткан. Ал өлкөгө келгенден кийин аялы өзгөргөнүн, ага көнүл бурбай калганын билдирген. Мындан улам ал аялы «бирөө менен жүрөт» деп шек санаган.

Анын айтымында, 22-апрелде аялына ачууланып спирт ичимдигин ичкен. Бир күн мурда аялынын телефонунан башка бир киши менен жазышкан аудио каттарды көрүп калган.

Ал мас абалында үйүнө барып, аялын ойноштук кылганын монуна алуусун талап кылган. Аялы айыпты четке какканына карабастан аны сабап, сарайдын артына сүйрөп барып, казылган чуңкурга түртүп жиберген. Анан аялын күнөөнү мойнуна алуу үчүн коркутуп, көмө баштаган. Ошол маалда кошуналары чуркап келип, аны тынчтандырып, келинди чуңкурдан алып чыгышканын билдирген.

Шектүү сот отурумунда кылган ишин толугу менен мойнуна алган. Ал мындай кадамга аялын кызгангандыктан барганын, учурда аялы менен элдешкенин айтып, катуу жаза бербөөнү суранган.

Сотто жабырлануучу дагы көрсөтмө берип, күйөөсү менен элдешкенин тастыктап ага эч кандай дооматы жок экенин айткан. Ошондой эле ага карата козголгон ишти токтотууну өтүнгөн.

Үй-бүлөдөгү зомбулук

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Буга чейин Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк асып сабаган окуя катталган. Ал эми Ысык-Көлдө аялына атайлап бензин чачып өрттөсө, Кочкордо аялын атка сүйрөп өлтүргөн учурлар катталган.

Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо өкмөт аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

ИИМдин статистикасына караганда, 2020-жылы 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 947 учур гана сотко жеткен.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

Тема боюнча:

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү