Кайра шайлоо алдында Ош АШКсынын төрагасы өз ыктыяры менен кызматтан кетти

Сүрөт «Азаттыктын» кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу тарткан видеодон скрин жасалды

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ныязбеков өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Маалыматты 29-июнда «Клоопко» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков тастыктады.

Ныязбеков «Клоопко» жумуштан маянанын аздыгына байланыштуу кеткенин билдирип, андан башка маселе жок экенин айтты.

«Маяна 3,5 миң экен. Менин башка негизги жумушум жок. Үй-бүлөмдү багышым керек», — деди ал.

Кушубак Ныязбеков аталган кызматка үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинлде өткөн шайлоо жокко чыгарылгандан кийин дайындалган болчу.

Ага чейин төрагалык кызматты тогуз жылдай Расулбек Кадыров аркалаган. БШКдан ал «көптөгөн арызданууларга жана шайлоодогу мыйзам бузууларга өз убагында чара көрбөгөнү үчүн» кызматынан четтетилгенин билдиришти.

Боршайком Ош менен кошо Бишкек жана Токмок шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалып, ага 48,3 млн сом сарпталат деп пландалууда.