ОшТУнун проректору Ош АШКсына төрага болуп дайындалды

Ош технологиялык университетинин тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Урмат Аттокуров Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аттокуров техника илимдеринин кандидаты, доцент. ОшТУда 1993-жылдан бери эмгектенет. Ошондой эле, ал 11-апрелде өткөн шайлоого «Ишеним» партиясы менен катышкан.

БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков Аттокуров учурда эч бир партиянын курамында жок болгондуктан универститетте проректор жана АШКнын төрагасы болуп да иштей алаарын айтты.

«Ишеним» партиясы шайлоодо 7% пайыздык босогодон өтүү үчүн жетиштүү добуш ала алган эмес. Партия 11-июлдагы кайра шайлоого катышпайт.

Кайра шайлоо дайындалгандан кийин АШКга жетекчи болуп дайындалган Кушубак Ныязбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Ал муну айлык маяна аз болгону менен түшүндүрүп, башка жумушта иштебегендиктен «үй-бүлөмдү багышым керек» деп билдирген.

Ага чейинки төрага Расулбек Кадыров болсо төрагалык кызматты тогуз жылдай аркалап келген. 11-апрелдеги шайлоо жокко чыгарылгандан кийин Кадыров кызматынан четтетилген. Буга ал көптөгөн арызданууларга жана мыйзам бузууларга өз убагында «чара көрбөгөнү себеп болгон».

БШК шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулардан улам Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында 11-апрелде өткөн шайлоону жокко чыгарып, кайра шайлоону 11-июлга дайындады.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого тогуз партия ат салышып жатат — анын алтоосу 11-апрелдеги шайлоого катышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кайра шайлоо алдында Ош АШКсынын төрагасы өз ыктыяры менен кызматтан кетти

Ошто чүчү кулак кармоо тизме чырынан улам бир күн кечигүү менен өттү

Ош: Шайлоо алдындагы жыйында БШКнын төрайымы милициянын ишин сынга алды

Президент Оштун мэрине шайлоодо админресурска жол бербөөнү тапшырды