Ошто чүчү кулак кармоо тизме чырынан улам бир күн кечигүү менен өттү

Ош шаарында 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акция. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Ош шаарында чүчү кулак кармоо 21-июнга пландалган болчу. Бирок алты партиянын 18 талапкерди шайлоодон четтетүү арызын АШК канааттандырбаганына байланыштуу эртеси күнгө жылган.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубек Ниязбеков «Клоопко» чүчү кулактын жыйынтыгын жиберди. Кайра шайлоого жалпы тогуз партия ат салышып жатат.

«Ынтымак» — 1, «Улуу-Журт» — 2 , «Биздин Кыргызстан» — 3, «Улуттар Биримдиги» — 4, «Келечек-Будущее» — 5, «Бүтүн Кыргызстан» — 6, «Ата-Журт Кыргызстан» — 7, «Бир Бол» — 8, «Нур» — 9 катар номурлар менен шайлоого катышат.

21-июнда АШК тогуз партияны чүчү кулак кармоо үчүн чогулткан. Бирок «Улуу Журт», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Келечек-Будущее» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары ага катышуудан баш тартышкан. Анткени алар АШКга 11-апрелде өткөн шайлоодо «мыйзам бузду» деп тизмесин берген 18 талапкер шайлоодон четтетилген эмес.

Ал эми АШКнын төрагасы «Клоопко» аталган талапкерлерди тизмеден алып салуу үчүн алардын колунда соттун чечими же аларга карата иш козголгону тууралуу тастыктама жок болгондуктан арыз канааттандырылбаганын айтты.

18 талапкердин шайлоодо мыйзам бузуп-бузбаганы боюнча маалымат алуу үчүн Ош ШИИБиге, шаардык прокуратурага жана УКМКга расмий кат жолдонгонун кошумчалады. Анын айтымында, алардын мыйзам бузгандыгы тастыкталса үгүт маалында шайлоодон четтетиле берет.

Анткен менен «Улуу Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Ош шаары жана облусу боюнча өкүлү Замир Шамшидин уулу 18 талапкер боюнча жазылган арыз БШКга, Ош шаардык сотуна жана укук коргоо органдарына жиберилгенин билдиришти. Аталган партиялар 11-апрелдеги шайлоонун жокко чыгарылышына шайлоо учурунда мыйзам бузгандар жазаланышы керек деп эсептешет.

Буга чейин Ош АШКсынан 76 талапкер тизмеден чыгарылганын, анын ичинен 14ү шайлоодо мыйзам бузганын билдиришкен. Кийичерээк 14 талапкердин 10у кайра тизмеге кошулганы белгилүү болду. АШКдан мындай чечимди аларга карата ачылган иштер далилдин жоктугунан улам кыскарып кеткендиги менен байланыштырышты.

Боршайком Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлга дайындалып, ага 48,3 млн сом сарпталат деп пландалууда. 20-июнда үч шаардык кеңеште шайлоо өнөктүгү башталды.