Садык Шер-Нияз элчилик кызмат президент менен алдын ала сүйлөшүлгөн эмес деп билдирди

Экс-депутат жана режиссёр Садык Шер-Нияз 29-июнда фейсбук барагында кызматка дайындалганы боюнча түшүндүрмө берди. Ал жаңы ишке орношконун президенттик шайлоодо талапкерлигин алганы менен байланыштырбоого чакырды. Ошондой эле бул боюнча президент Садыр Жапаров менен алдын ала «соодалашуу болгон эмес» деп белгиледи.

«Президенттик ат салышуудан кандидаттыгымды алып жатканда бул жөнүндө сөз болгон да эмес, болушу да мүмкүн эмес болчу. Кызмат үчүн соодалашуу менин кыялымда жок аны мени менен жүргөндөр жакшы билишет. Андан кийин да эч кандай жолугушуулар болгон эмес», — деди саясатчы.

Мындан сырткары, Садык Шер-Нияз президентке ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен экс-депутат 2020-жылдын ноябрында, президенттик жарыштан талапкерлигин алгандан кийин Садыр Жапаров экөөнүн жолугушуусуна комментарий берип «соодалашуу» болгонун ырастаган. Бирок соодалашуу маданият үчүн болгон деп түшүндүргөн.

«Соодалашып алыптыр деген да сөз болду. Ооба, соодалаштым, маданият үчүн. 70-80 пайыз позициябызды тактап алдык… Кээ бири “бул кызмат үчүн соодалашты” деп ойлоп калбасын. Мен муну тастыктап айтам… Биз идеяны соодалаштык, идея боюнча позициябызды тактадык», — деген ал ошондо.

Президент Садыр Жапаров 24-июнда экс-депутат жана режиссёр Садык Шер-Ниязды Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган. Ошондой эле ал Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү да болмокчу.

Садык Шер-Нияз деген ким?

Садык Шер-Нияз коомдук ишмер жана кинорежиссёр катары белгилүү. Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты дагы болгон. Мындан тышкары, ал 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн.

Бирок президенттик шайлоого чейин, 30-ноябрда дагы бир талапкер Садыр Жапаровдун пайдасы үчүн жарыштан четтеп кеткен. Анын айтымында, мындай чечимди Садыр Жапаров менен бетме-бет жолуккандан кийин кабыл алган. Шер-Нияз Жапаров экөөнүн идеялары көп жагынан окшош экенин жана «элдин көпчүлүк бөлүгү Садыр Жапаровду лидер катары тааныганын» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садык Шер-Нияз Францияга, Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болду

Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен соодалашуу болгонун моюндады