Рыскелди Момбеков «Кумтөр иши» боюнча УКМКга суракка чакырылды

Рыскелди Момбеков

УКМК 1-июлда депутат Рыскелди Момбековду суракка чакырды. Маалыматты Момбеков бир нече ЖМКларга ырастады.

«Мага кечээ чакыруу берип кетишти. Анда кайсы иш боюнча сурай турганы тууралуу маалымдалган эмес. Менимче Кумтөр ишине байланыштуу окшойт. Анткени буга чейин бул иш боюнча атайын кызматка сурак бергем», — деди ал «Азаттыкка».

Алгачкы жолу Момбеков «Кумтөр иши» боюнча 1-июнда чакырылган. Бирок депутат тергөөчү чакыруу кагазын жибербегени үчүн суракка баруудан баш тартканын билдирген. Кийинчерээк УКМК Момбековго чакыруу кагазын берген.

Момбеков Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Аталган комиссия алтын казуучу компания Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалап, Кыргызстандын экологиясына зыян келтиргенин аныктаган.

Ошондой эле мамкомиссия «Кумтөр Голд» жана ага ээлик кылган Centerra Gold Inc. компаниясынан 4,2 млрд доллар өндүрүүнү сунуштаган. Комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, негизги сумма бул компаниянын экологияга келтирген зыяны — 3 млрд 86 млн доллар, ал эми салык зыяны — 1 млрд 166,5 млн доллар.

Ал эми буга чейин 7-майда Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компаниден» мамлекеттин пайдасына 261,7 млд сом кенемте өндүрүү чечимин чыгарган. Кийинчерээк сот алтын казуучу компанияны кошумча 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мындан сырткары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызмат адамдарына карата козголгон.

Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Учурда Сарпашев менен Молдошевадан башкасынын баары УКМКнын тергөө абагында.