Чүйдүн тургуну жарандык никедеги жубайын өлтүрүүгө шектелип жатат

Шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБ

Чүй облусунун Чүй районунда 45 жаштагы тургун өзүнүн жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кылмыш 30-июнда аймактагы жайлоолордун биринде жасалган. Алгач райондук милицияга 45 жаштагы аял ок атуучу курал менен өзүн атып, жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бирок милиция кызматкерлери окуя болгон жерде кароо жүргүзгөндө аял киши колдуу болгону аныкталган. Анын өлүмүнө жолдошу шектелүүдө.

«Алар жайлоодо малчы болуп иштеп жүргөнү аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча окуяга алардын пикир келишпестиги себеп болгон. Ошондой эле жубайлар мас абалында болушканы маалым болду», — деп берилет милициянын маалыматында.

Чүй РИИБи «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Нарын облусунун Кочкор районунда жергиликтүү тургун 22 жаштагы аялын мыкаачылык менен өлтүргөн. Кочкор райондук соту айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратып, 150 миң сом айып пул салган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?