#ReАкция 4.0: Бишкекте Орхан Инандыны кайтаруу боюнча митинг өтөт

Бишкек шаарында 8-июлда Түркиянын чалгындоо уюму тарабынан уурдалган Орхан Инандыны кайтаруу боюнча «Коопсуздук үчүн #ReАкция 4.0» аталыштагы жарандык акциясы өтөт.

Тынчтык митинги саат 18:00дө башталып катышуучулар темир жол вокзалына чогулушат. Ал эми саат 18:30да Өкмөт үйүн көздөй басышат.

Акцияда «Бүгүн Инан, эртең Кыргызстан», «Инанды кайтар, жаранды кайтар», «Орхан Инан биздин жаран», «Элдин коопсуздугу өлкөнүн келечеги», «Мугалим мөмөлүү дарак», «Агартуу кызматкерлери коркунучта» деген лозунгдар айтылат.

Өкмөт үйүнө жеткенде модератор сөз сүйлөп, 19:30да арызга кол коюлат. Саат 20:00 дө жарандык акция аяктайт.

#ReАкцияга катышууну каалагандар беткап тагып, санитайзер колдонуп, аралыкты сакташы шарт. Акцияга сая турган же кесе турган буюмдарды алып келүүгө тыюу салынат.

«Митингдин катышуучулары регламентти сактап, модераторду угушу шарт. Ошондой эле укук коргоо органдары же үчүнчү күчтөр тарабынан чагымчыл аракеттер болсо көңүл бурбашы керек», — деп уюштуруучулар эскертишет.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Буга президент Садыр Жапаров реакциясын билдирип, УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан. Кийин алар Инандыны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон.

Бул «Сапат» билим берүү мекемелери диний ишмер Фетхуллах Гүлендин Түркияда террористтик деп табылган *ФЕТО кыймылы менен тиешелүү делгенине байланыштуу болгон.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Түркия 2016-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган жазуучу Фетхуллах Гүлендин өзүн да террорист деп тапкан. Кийин түрк бийлиги дүйнө жүзүндө Гүленге байланыштуу мектептерди жаап, ФЕТОнун мүчөлөрүнүн экстрадицияланышын талап кыла баштаган. Гүлен өзү учурда АКШда жашайт.

Арадан бир ай өткөн соң Инандынын жубайы менен анын тарапташтарынын кооптонуулары бышыкталган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 6-июлга караган түнү жеке өзү билдирүү жасап, Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан алынып келингенин маалымдаган.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын

Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырган.

Буга элчи Инанды Түркиянын жараны деп жооп берген. Ошондой эле ал түрк тарап Кыргызстандын аймагында атайын операция жүргүзгөнүн айткан эмес деп белгилеген.Бирок кыргыз ТИМи Инандынын кыргыз жараны катары укуктарынын корголушу боюнча бардык чаралар көрүлөөрүн баса белгилеген.

Кийин президент Садыр Жапаров дагы Инандыга байланышкан окуяга комментарий берген. Ал «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 7-июлда парламент жыйынында уурдалган Орхан Инанды өлкөдөн кандайча чыгарылып кеткени боюнча азырынча маалымат жоктугун айткан.

7-июнда Түркиянын коомдук TGRT Haber TV телеканалынын алып баруучусу Ферхат Унлу Инандынын уурдалышына кыргыз бийлигинин катыштыгы бар болушу мүмкүн деген божомолун айткан.

Анда Унлу Жапаров Тажикстан менен болгон жаңжалда Орусия жана Кытайдан колдоо таба албай, эми аны Түркиядан издеп жатат деп белгилеген.

Анын айтымында, Түркия Кыргызстан өз аймагында жүргөн ФЕТОнун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде «Сапат» мектептерин Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүп бериши керек деген шарт койгон.

Ал эми Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз бийлигинин Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар экени тууралуу божомолдорду «таптакыр сандырак» деп билдирген.