Чек арадагы атышууда курман болгон Хуснидин Хожиевдин сөөгү жерге берилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда каза болгон сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү 10-июлда Лейлек районунун Бешкент айылында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан «Турмуш» басылмасы сүрөт баян жарыялады.

Хожиев — чек кара кызматында иштегенине беш жыл болгон. Ал 2016-жылы Баткен облусунун Исфана шаарындагы кесиптик лицейдин ашпозчу-кондитер адистигин аяктап, №2021 аскер бөлүгүнүн «Таш-Булак» чек ара заставасында командир-ашпозчусу болуп иштеп келген. Анын артында жубайы жана эки жашар уулу калды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев катышып, Хажиев «баатырларча» курман болгонун белгиледи. Ошондой эле, 27 жаштагы сержанттын үй-бүлөсүнө Баткен шаарынан үй берүү чечими кабыл алынды.

Хожиевдин курман болушу

Хожиев 8-июлда каза болгон. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Чашмагильдан ашуусуна карай бара жаткан Баткендин төрт атчан чек ара кезметине тажик аскерлери күтүүсүздөн ок чыгарышкан.

Алардын экөөсүнө ок тийип, экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Октон жаракат алгандардын бири Хожиев окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми бир жоокер барымтага алынган.

Тажик тарап Хожиевдин сөөгүн Кыргызстанга 9-июлда кечинде өткөрүп берген. Аскердин сөөгү менен кошо Кыргызстандын чек ара кызматына тиешелүү үч ат жабдыктары менен өткөрүлгөн. Мындан сырткары, барымтага алынган аскер да Кыргызстанга кайтарылгандыгы кабарланды.

Ок атышуу учурунда тажик тараптан да жарадар жана каза тапкандар бар болгону айтылууда, бирок тажик бийлиги жоготуулар боюнча расмий маалымат бере элек.

Ошондой эле, Тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн ок чыгарылганын жазышкан.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 27 жаштагы сержант каза болду

Чек-арадагы атышууда курман болгон аскердин үй-бүлөсүнө үй берилет