Бишкек шаардык кеңешке шайлоо таанылып, жаңы депутаттардын тизмеси жарыяланды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныды. Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан 18 партиянын алтоо 7 пайыздык босогодон өттү.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешине өткөн партияларга мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү.

«Эмгек» — 11 мандат:

  • Элмир Досалиев (кайра шайланды);
  • Бактиярбек Иманалиев (кайра шайланды);
  • Елизавета Алымбаева;
  • Айбек Ашимов;
  • Бактыбек Абдиев (кайра шайланды);
  • Лира Акунова;
  • Токтосун Султанов;
  • Руслан Шаршенбай уулу;
  • Светлана Кенжебаева;
  • Жумабек Салымбеков (кайра шайланды);
  • Ильяз Чалов.

«Ата-Журт Кыргызстан» — 9 мандат:

  • Алымбек Бактыбеков (кайра шайланды);
  • Таалайбек Сурапбаев (кайра шайланды);
  • Мээрим Нусубалиева;
  • Таалайбек Жакыпов;
  • Эдик Досиев (кайра шайланды);
  • Айканыш Ашырова;
  • Куванычбек Конгантиев (кайра шайланды);
  • Максат Токтогулов;
  • Өмүркан Ашанбаева.

«Ишеним» — 8 мандат:

  • Рысбай Аматов (кайра шайланды);
  • Сайдахмат Исмаилов (кайра шайланды);
  • Рамина Идырова;
  • Арнас Тиллебаев;
  • Таалайбек Дайырбеков;
  • Мадина Чеченова;
  • Асылбек Акылбеков (кайра шайланды);
  • Бекжан Усеналиев.

«Ынтымак» — 7 мандат:

  • Максат Алымбеков;
  • Казыбек Эргешов (кайра шайланды);
  • Наргиза Жолдошбаева (кайра шайланды);
  • Мийзамидин Калыков (кайра шайланды);
  • Таалайбек Сариев (кайра шайланды);
  • Гүлназ Халилова;
  • Улан Сариев.

«Өнүгүү-Прогресс» — 5 мандат:

  • Манас Абдыллабек уулу;
  • Жылдызбек Абдраимов;
  • Дамира Жолдошалиева;
  • Олег Попиков;
  • Жаныбек Асанбеков.

«Социал-демократтар» — 5 мандат:

  • Кадырбек Атамбаев;
  • Таалай Темиркулов;
  • Элнура Дуйшекеева;
  • Султанбек Абдуллажанов;
  • ИлгизСарылдык уулу.

Жалпысынан Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 104 141 киши катышкан, анын 710ун добуштары жараксыз деп таанылды. Ошондой эле Бишкек АШКсы аларга мыйзам бузуулар боюнча 22 арыз түшкөнүн кабарлап, «тиешелүү чаралар колдонулганын» билдирди.

Буга чейин «Реформа», «Туран», «Улуу-Журт» жана «Социал-демократтар» партиялары Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришкен. Алардын шайлоонун тааныбастыгына добуш сатып алуулар жана административдик ресурс колдонулушу себеп болгон.

*Бишкек АШКсы, кийинчерээк Боршайком буга чейин 11-апрелде болгон шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарган.

УКМК 10-июлда «Эмгек» партиясынын өкүлүн добуш сатып алууга шектеп кармаган. Шектүү Бишкектин Ленин районундагы №2 муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

Ал эми 11-июлда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы добуштарды сатып алууга аракеттенген үч кишини №1221 шайлоо участогунун алдында кармаган. Алар «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын үгүттөөчүлөрү болгону маалымдалган.