«Макулдашпай туруп ишембилик өткөрүшкөн». Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, учурда абал туруктуу

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын Кум-Мазар участкасынын такталбаган аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алды. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан 24-июлда билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын чыгышына тажик тараптын Кыргызстан менен макулдашпай туруп ишембилик өткөргөнү себеп болгон. Анткени алгач кыргыз чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келип, ишембиликти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажикстандыктар баш ийбей, кайым айтышуу мушташка айланып, таш ыргытылган.

«Чыр учурунда Тажикстандын чек арачылары тарабынан Кыргызстан тарапка ок чыгарылган. Кыргызстан тарап да жооп катары Тажикстан тарапка ок чыгарды. Жаңжалдын андан ары өрчүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн аймакка чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев барган», — деп маалымдашты чек ара кызматынан.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Клоопко» окуя 23-июлда кечки саат 22:00 чамасында болгонун кабарлашты. Учурда «абал» туруктуу деп бааланууда.

«Жеринде эки тараптын чек ара кызматынын жетекчилери, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Баткен районунун акими Учкун Жоробаев «Азаттык» басылмасына такталбаган аймакта тазалоо иштери токтотулганын билдирди. Анын айтымында, ишембиликке нараазычылык билдирип чогулган кыргыз жарандары да таркаган.

Чек арадагы акыркы ок атышуу

8-июлда кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев каза тапкан. Ал эми дагы бир чек арачыга ок тийип, ал барымтага алынган. Эртеси күнү сүйлөшүүлөрдүн негизинде Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилген, ошондой эле барымтадагы чек арачы да бошотулган.

Ок атышуу Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумина жана Чашмагильдан ашууларына жакын жерде орун алган. Кыргызстандын атчан чек ара кезмети Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуулга кабылышкан.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышкан.

Такталбаган чек ара жана анын кесепетинен чыккан чырлар

Чек аранын такталбаганы кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда чыккан чырлардын башкы себеби болуп келет. Жаңжалдын чыгышына жер, суу талаш жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү негиз болот.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт — анын 519 чакырымы гана делимитация жана демаркациядан өткөн, калганы такталбаган бойдон турат. Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунун жыйынтыгы менен жумушчу тартибинде дагы 32 чакырым такталганы белгилүү болду.

Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эң чоң жаңжал үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде башталып, 1-майга чейин созулган.

Алгач эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында бири-бирине таш ыргытышкан.

Чырга тажик тарап «Головнойдогу» мамычаларга байкоочу камера орноткону себеп болгон. Кийинчерээк жаңжал ок атышууга айланган.

29-апрелде кырдаал оорлошуп, чыр куралдуу жаңжалга айланган.

Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү ок атуу токтотулуп, аскерлер чыгарыла турганын маалымдаганы менен келишим бир нече жолу бузулган.

Ок атууну токтотуу келишими 1-майдагы сүйлөөшүлөрдүн жыйынтыгы менен гана жетилген. Ал эми 3-майда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтарышкан.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги куралдуу жаңжалдын чыгышына бири-бирин айыптар, кылмыш иштери козголгонун билдиришкен. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскерий агрессия» деп баалаган.

Тажикстандын аскерий кол салуусунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 154ү жарадар болушкан. Ал эми тажик бийлиги 19 киши набыт болуп, 87 киши жарадар болгонун кабарлашкан.