Чек арадагы жаңжалда өрттөлгөн үйлөр эки айда курулуп бүтпөгөнү сынга кабылды

Депутаттар Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган турак жайлар убадаланган эки айда бүтпөгөнүн айтып аткаруу бийлигинин ишин сынга алышты.

«Убада бербедиңер беле: “Эки айдын ичинде курулуш иштери бүтүп, үйүнө кирет” деп. Үч ай болуп калды го [...] Тажиктер үй салып киргизип койду. Силер болсо убада гана берип жатасыңар, бирок акча бербей жатасыңар», — деди депутат Рыскелди Момбеков.

*Тажикстандын бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган 22 үйдү кайра куруп, ачкычын 4-июлда тапшырган. Бул үйлөрдү курууга болжол менен 130 миң сомони (11,5 миң доллар) сарпталган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев талкаланган 140 үйдүн ичинен 60ы курулуп бүткөнүн айтты.

«Бүгүн 15 киши көчүп кирди. Ал эми [каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө салынып жаткан] 36 үй боюнча*: чатырлары жабылды, азыр короо-жай кылып, жашылдандырып, канализация, асфальт куруп жатышат», — деди Бөрүбаев.

Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев турак жайлардын аянты 128 чарчы метрди түзүп, эки бөлмөдөн тураарын кошумчалады.

*Тажикстандын аскерий агрессиясынан каза болгон 36 кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө Баткен шаарынын Чет-Булак тилкесинде турак жай курулуп жатат. Курулушту «Ихлас» курулуш компаниясы өз каражатына жүргүзүүдө.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков «Клоопко» курулушу аяктаган үйлөр Лейлек районунун Максат айылында экенин билдирди. Жалпысынан Максат айылына 83 үй курулуп жатат.

Ошондой эле Курбанбеков турак жайлар Баткен районунда салынып жатканын белгилеп, алардын курулушу 31-августка аяктайт деп ишендирди.

Бир апта мурда Баткен районундагы Ак-Сай айылынын 30га чукул тургун жергиликтүү администрациянын жанына митингге чыгышкан. Алар жаңжалда үйлөрү талкаланганын айтып, турак жайлардын курулуш иштери башталбаганына нааразы болушкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын аскерлеринин кол салуусунан Баткен облусу боюнча 140 турак жай жана 84 объект өрттөлгөн. Ал эми Баткендин администрациясы кыргызстандыктар жаңжалда 1 млрд. 305 млн. сомдон ашкан зыянды тартышканын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров май айында Баткенде эл менен жолукканда «турак жайлар эки айдын ичинде тургузулат, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет» деп убада кылган.

Учурда өкмөт Баткен облусу боюнча 46 социалдык объект салып жатат, анын 16сы ушул жылы пайдаланууга берилиши керек. Данияр Иманалиев далпысынан социалдык объектилерди курууга бюджеттен 370 млн сом каралган деп билдирди.