Мектептерде ата-энелерден бир жолку милдеттүү төлөм киргизүү сунушталды

Иллюстративдик сүрөт

Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерден мектеп фондуна бир жолку милдеттүү төлөм киргизүүнү демилгелейт. Бул тууралуу министр Болотбек Купешев 5-августтагы басма сөз жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, мектептердеги ата-энелер фонду ата-энелерге гана эмес, ал каражатты чогултууга аргасыз болгон мугалимдер үчүн да ыңгайсыздык жаратып келген. Анткени айрым мектеп жетекчилери төлөмдүн суммасын белгилеп, ыктыярдуу төлөмдү милдетке айландырып жиберишкен. Мындан улам коррупцияга жол ачуучу жагдайлар пайда болгон.

«Мындан улам жылына бир жолу берилүүчү белгилүү өлчөмдөгү милдеттүү төлөм киргизүүнү сунуштап жатабыз. Коомчулук бул демилгени колдоп берсе жакшы болмок. Биз коррупцияга жол ачкан фонддор менен күрөшөбүз», — деди Купешев.

*Өткөн жылдын декабрь айында Оштогу Макаренко атындагы мектебинин мугалими фондго акча төлөбөгөн кызды сабакка киргизбей койгон. Мугалим бул айыптоолорду четке каккан. Анткен менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бул окуя боюнча териштирүүнү баштаган.

Купешев жылына фонддорго шаардагы мектеп окуучулардан 1 миң сом, ал эми айылдагы окуучуларга 800 сом милдеттүү төлөм киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди. Ошондой эле министр ата-энелер фонд түзүүгө укуктуу болгонун, бирок ал фонд өзүнчө юридикалык жак болуп, мектептерге тиешеси жок болушу керектигин белгиледи.

2019-жылдын октябрь айында Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы жетекчиси, маркум Каныбек Исаков республиканын мекептеринде акча чогултууга тыюу салган. Ошондой эле, окуу жайлардын кызматкерлери камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине катышуусуна чектөө коюлган.

Буга ата-энелер коомчулугунун мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга даттануусу себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Акча чогулткула». Ошто ата-энелер мектеп директорунун үстүнөн арыз жазышты

Бишкекте «директордун тамак-ашына» акча чогулткан мугалим иштен алынды

Новопавловкадагы лицейдин директору мыйзамсыз акча топтоолор боюнча айыптоолордон кийин кызматынан бошотулду