Жалал-Абадда жол кырсыгынан айдоочу каза таап, эки аял жабыркады

Бишкек — Ош унаа жолунун 139-чакырымында жол кырсыгы катталды. «Mercedes Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы айдоочусу каза болуп, эки аял жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-августта маалымдады.

Кырсыкка айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөнү себеп болгон. Жерине ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, айдоочунун сөөгүн чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

«Жабыркагандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилип, ал эми каза тапкан киши тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди», — деп билдиришти ӨКМден.

Буга чейин 3-августта Токтогул районундагы Бишкек — Ош жолунунун 260-чакырымында «Хонда-CR-V» жана «Мерседес-бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Натыйжада 65 жаштагы киши каза таап, алты жаран жабыркаган.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.

ЖКККБнын маалыматына ылайык, 2021-жылдын алты айында 3 396 жол кырсыгы катталган. Мурдагы жылы алардын саны аз болгон — ошол эле мезгил боюнча 2 432 жол кырсыгы катталган.