Видео: Kloop.kg YouTube-каналы
Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынан кыргыз спортчулары үч медаль менен кайтып келди — эки күмүш жана бир коло. Мындай жыйынтык кыргызстандыктарга Олимпиадага катышкан 260 мамлекеттин ичинен медалдык эсепте 70-орунга чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Жалпысынан 93 өлкөнүн спортчусу жакшы жыйынтык менен алдыга чыкты.
Олимпиада медалдарынан тышкары кыргыз спортчулары өлкө үчүн башка дагы маанилүү жыйынтыктарга жетишишкен. Спорттун айрым түрлөрү боюнча алар мелдештин жыйынтыгы менен алдыңкы ондукка (ТОП-10) чыга алышкан.
Негизинен, Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта 16 орундун ичинен 7-орунду, ал эми Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча 76 кг салмакка чейин 16 орундун ичинен 5-орунду ээлеген.
Мындан тышкары, дагы бир улуттук рекорд коюлган — брасс стилинде 100 метрге сүзүү боюнча суучул Денис Петрашов 1 мүнөт 0,23 секундда келип Кыргызстандын рекордун жаңылаган. Ал 49 катышуучунун ичинен 27-орунду багындырган.
Тема боюнча:
Кыргызстан Токио Олимпиадасында медалдык эсепте 70-орунду ээледи
Бишкекте Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчуларына арналган салтанаттуу иш чара өттү
Олимпиада. Спортчулардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келди
Олимпиадада жеңишке жеткен кыргыз спортчуларына 15 млн сомдон ашык акча төлөнөт