Фарид Ниязов: УКМК коррупционерлерди адалдоо боюнча мекемеге айландыбы?

Фарид Ниязов

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов «Коррупция» беренеси менен ага козголгон ишти «саясий буйрук» деп атады. Ниязов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Түркиянын ондогон жарандарына кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүүгө шектелип жатат.

Бул боюнча сотко чейинки өндүрүштү Бишкек ШИИББи «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалгандан кийин баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА: Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди

Ниязов Бишкек ШИИББдин тергөөчүлөрү жана прокурорлор «ага каршы эч нерсе таппай», бирок ага карабастан «начальниктин буйругун аткарып жатышат» деп билдирди.

«Кылмыш иштин саясий мотиви бар, анткени анын негизги максаты Кыргыз Республикасынын жаранын* уурдоо жана чет өлкөгө чыгарууда УКМК жана ИИМдин жетекчилигин уят кылуучу иш аракеттери үчүн жазык жоопкерчиликтен куткарып калуу», — деди Ниязов.

*Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал уурдалгандан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Инандыга берилген паспорттун мыйзамдуулугу 2019-жылдан бери териштирилип жатканын кабарлаган.

Фарид Ниязов тергөө органдары Инандыга паспорт «мыйзамсыз берилгени боюнча бир дагы жүйөө келтире алган жок» деп эсептейт. Ал эми башка шектүүлөр көп болсо административдик бузуу боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деди.

*Буга чейин Бишкек ШИИББ бул иштин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчы Эрнист Апиловду кармаган. Ал эми Фарид Ниязов 2016-жылы Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жетекчиси болгон. Алардын баары «Коррупцияга» шектелүүдө.

«Күч органдарынын “Сапат” мектептеринин негиздөөчүсүнүн айланасындагы акыркы аракеттери коомчулуктун арасындагы “УКМК жана ИИМ чет өлкөнүн атайын кызматына жагынып жатат” деген ойду бекемдөөдө. Ошол эле маалда бул өз жарандарынын кызыкчылыгына каршы келет», — деди Ниязов.

Ошондой эле ал «түрк тараптын Инандыны өлкөдөн алып чыгууда кыргыз мыйзамдарын бузбаганын айтканы Орхан Инандыны Кыргызстандын күч органдарды уурдап, Түркияга жибергенин тастыктайт» деди.

Мындан сырткары, Ниязов атайын кызмат «саясатташып кеткенин белгилеп», бул үчүн жоопкерчилик анын башчысы Камчыбек Ташиевде экенин эскертти. Саясатчы Ташиев УКМКны жетектеп баштагандан кийин мекеме «саясий куугунтуктардан башы чыкпай, көмүскө демөөрчүлөрдөн колу бошобой калганын» билдирди.

«Ал [Камчыбек Ташиев] ал жетектеген ведомство улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттенмелерди аткарып жатабы деген суроодо мурун эле анализ жүргүзүшү керек болчу. Же анын жетекчилигинин астында УКМК коррупционерлерди адалдоо боюнча жарым-коммерциялык мекемеге айландыбы?» — деп суроо салды Ниязов.

Ошондой эле Ниязов УКМК чалгындоо жана чек араны бекемдөө маселесин экинчи планга жылдырып койду деп эсептейт.

Орхан Инандынын уурдалышы

Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин белгилеген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарып берүүгө чакырган. Ал эми ИИМ «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Элчи буга жооп кылып, Инанды Түркиянын жараны экенин айткан. Ошондой эле, ал Түркия тарап аталган операцияны Кыргызстандын аймагында жүргүзгөнү тууралуу айтпаганын белгилеген.

Киийнчерек Инандынын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз кардарынын көрсөтмөлөрүнө таянып, ал Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын айтып берген.

Йылмаздын айтымында, Инандыны 1-июнга караган түнү уурдаган кишилер анын көздөрүн таңышып, унаа менен беш-алты саат кара жол менен белгисиз жака алып барышкан. Анын эртеси күнү ал учак аркылуу Түркияга жеткирилген.

Түркиялык ЖМКлар Инанды «ФЕТОнун Борбор Азиядагы менеджери болгонун мойнуна алды» деген маалыматты таратышкан. Анткен менен Инандынын адвокаты Инанды өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу гана айтып бергенин билдирип, күнөөнү мойнуна албагынан айткан.

Ал эми Аскер прокуратурасы 17-августта УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлерине карата «Шалаакылык» жана «Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачты.