«Кыргызалтынга» башчы болуп барган Кыдыралиевдин депутатык ыйгарымы токтотулду

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Үмбөталы Кыдыралиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын билдирди.

Мындай чечим БШКнын 17-августтагы жыйынында кабыл алынды. Кыдыралиевдин ыйгарым укуктары «депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өткөндүгүнө байланыштуу» токтотулду.

«Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиевдин күбөлүгү анык эмес деп таанылды», — деп билдирет БШК.Кыыралиев 10-августта «Кыргызалтындын» төргасы болуп дайындалган. Анда Кыдыралиевди дайындоо министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен макулдашылганы айтылган.

Буга чейин «Кыргызалтынды» Маратбек Чолпонкулов жетектеген. Ал бул кызматка үстүбүздөгү жылдын февраль айында дайындалган болчу.

Үмбөталы Кыдыралиев тууралуу эмне белгилүү?

Эми экс-депутат болуп калган Үмбөталы Кыдыралиев саясий карьерасынын көбүндө спорт чөйрөсүндө иштеген. 2000-жылы өлкөнүн Бокс боюнча федерациясын жетектеп, ал эми 2011-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.

Кыдыралиев 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Ал Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде мүчө болуп турган.

2020-жылдын ноябрында Кыдыралиев Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңештин курамына кирген. Ошондой эле 2021-жылы азыркы экономика министри жетектеген «Кумтөрдүн» ишмердигин иликтөө боюнча мамкомиссиянын курамында болгон.

Ал көмүр сатып алууга байланышкан чырлуу окуянын фигуранты да болгону белгилүү. 4-ноябрда УКМК «Кыргыз жылуулук энерго» мамишканасына караштуу филиалга көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Үмбөталиевди кармаган.

Ведомствонун маалыматына таянсак, ал ири өлчөмдө көмүр сатып алуу үчүн жарыяланган тендерде жеңишти камсыздап берүү үчүн жеке ишкерден 500 миң сом опузалаган.

Кийин «Кыргыз жылуулук энергонун» башчысынын орун басары Айбек Жоронов Умбеталиевдин кызыкчылыгын эки депутат сүрөп жүргөнүн билдирген: Үмбөталы Кыдыралиев жана Экмат Байбакпаев.

Буга Кыдыралиев энергетика кызматкерине чындыгында эле көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөлүгүнө кирүү боюнча өтүнүч кат бергендигин, бирок бул иш 3 жыл мурда болгон деп жооп берген.