Баткен: «Хонда Степвегон» «КамАЗды» сүзүп алып бир адам каза болду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы 

Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Кырсык 24-августта Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 112-чакырымында катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, «Хонда Степвегон» унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, «КамАЗ» оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жеринде «Хонда Степвегондун» 26 жаштагы Б.А. атуу айдоочусу каза болгон.

Министрликтен билдиришкендей, кырсык болгон жерге беш куткаруучу тартылган. Алар маркумдардын сөөгүн тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө 23-августта «Хонда Степвегон» унаасы менен «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы кагышып, тогуз адам каза болгон. Алардын арасында жаш бала дагы бар.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылдын алты айында эле 3 396 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 329 киши каза тапты. Мындан улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Тема боюнча:

Бишкек — Ош жолундагы авариядан 9 адам каза болду, алардын арасында жаш бала бар

Ысык-Көл: Кубакыда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7 адамга жетти