Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Азиз Аалиев

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун мурдагы төрагасы Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 6-сентябрда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин бул кызматты Айбек Жунушалиев ээлеп келген — ал 26-августта Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды.

Азиз Аалиев деген ким?

Аалиев буга чейин Каржы министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп, 2002-2003-жылдары Дүйнөлүк банктын «Айылды каржылоо-2» долбоорунун башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал эми 2003-2005-жылдары Аалиев мамлекеттик башкаруу секторундагы түзүмдүк кайра түзүү GSAC-GTAC долбоорунун координатору болгон.

2007-жылы ал Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигин статс-катчысы болуп дайындалып, 2009-жылы Экономикалык жөнгө салуу министрлигине статс-катчы болуп келген.

Аалиев 2019-жылы өкмөт аппаратынын каржы жана кредиттик саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп, ошол эле жылы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармасынын мүчөсү болгон. Ал эми 2020-жылы Аалиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Улукбек Мариповдун орун басарлары

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Министрлер кабинетин түзгөн. Анда Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми Артём Новиков анын биринчи орун басары болуп бекетилген.

Мындан сырткары Жылдыз Бакашова, ошондой эле санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев менен экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Мариповдун орун барасы болуп дайындалган.

Көп өтпөй, 20-майда, Дыйканбаев «пара опузалоого» шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган чет өлкөлүк компания менен келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалаган».

Улукбек Марипов Дыйканбаевди кызматына бошотуп, анын ордуна Дастан Догоевди дайындаган. Ал буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеп, 2020-жылы АКШнын Гарвард университинде окуу үчүн кызматтан кеткен болчу.

Ал эми 1-июнда Кармышаков президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалып, анын ордуна депутат Акылбек Жапаров келген.

Ал эми Новиков 20-майда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалган. Анын ордуна Айбек Жунушалиев келген болчу.