«Чек арадагы ок атуу». Мурдагы биринчи вице-премьер Новиковго аскердик наам берилди

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков улук лейтенант аскердик наамын алды. Бул тууралуу ал фейсбук барагында билдирип, сыйлык тапшыруу аземинин видеосун жарыялаган.

Видео: Артема Новиковдун фейсбук барагы.

«Талыбас аракети, күч түзүмдөрү менен мамлекеттик органдардын ишин координациялап, Коргоо министрлигинин Баткен облусундагы чек ара чырын жөнгө салууга катышкан аскер бөлүктөрү менен мекемелерине көп тараптуу колдоо көрсөткөнү үчүн улук лейтенант наамы мөөнөтүнөн мурда берилди», — деп айтылды сыйлык тапшыруу учурунда.

Чек ара тилкесинде жаңжал башталып, өлкө башчысы жыйын кургандан кийин, Новиков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган. Ал Баткенге барып, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин ишин жетектеген.

Артем Новиков деген ким?

Сапар Исаковдун өкмөтүндө Артем Новиков Экономика министрлигин жетектеген. 2020-жылдан тартып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп дайындалып, ал отставкага кеткенге чейин иштеген.

Садыр Жапаровдун өкмөтүндө ага биринчи вице-премьер-министрликтин чылбыры тийген. Ал кезде 34 жаштагы аткаминер жети-сегиз жылдан бери министрлер кабинетинде ар кандай кызматтарды аркалап жетишкен болчу.

2020-жылдын 14-ноябрында Кыргызстандын премьер-министри Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ыйгарым укуктарын расмий токтоткондон кийин, Новиков Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткарган.

Кийин Артем Новиков министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп, Министрлер кабинетинин түзүмү өзгөргөндөн кийин биринчи вице-премьер-министр болупе калган. Дал ушул кызматта турганда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын түштүгүнө жөнөп кеткен. 2021-жылдын май айынын аягында Новиков Орус-кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагалыгына дайындалган.

Тажик аскерлеринин куралдуу агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Куралдуу агрессиядан тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон. Бийликтин маалыматына ылайык, келтирилген зыяндын суммасы 1,3 миллиард сомдон ашкан.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Кыргыз бийлиги чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн.

Тема боюнча:

Кыргыз -тажик кагылышуусунан кийинки жоготуулар. Өрттөлгөн үйлөр жана социалдык объектилер

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары