Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары президентке кайрылышты

Маркум Мухаммед Каныбек уулунун жакындары маалымат жыйын куруп жаткан учурдан кадр. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop

Ош ОИИБинин имаратында сурак маалында каза тапкан 26 жаштагы Мухаммед Каныбек уулунун жакындары Ош шаарында маалымат жыйын курушту. Анда алар «маркумдун өлүмүнүн себебин бурмалоо» аракети жүрүп жатканын айтышып, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышты.

Маркумдун жээни Арсланбек Ташов соттук териштирүүнү тергөөчүлөр атайын созуп жатышат деген пикирде. Анын айтымында, комиссиялык эксперттердин тобу Каныбек уулу «мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүн» тастыктаган. Бирок тергөөчүлөр учурда ал жыйынтыкка «жүрөгү кармап каза болду деген өзгөртүү киргизүү аракетин кылып жатышат».

«Биз тергөөгө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, коомчулуктан жардам сурап келдик. Балабыздын өлүп калганына карабай, экстремизге, каракчылыкка жана башка нерселерге айыптап жатышат. Соттук отурумда да баланы ким өлтүргөн деген териштирүү болбой эле, “ал бала ким болгон”, “кандай болгон” деп эле териштирип жатышат. Ушул туурабы?» — деп суроо салды Ташов.

Мындан сырткары, Ташов аларга белгисиз кишилер тарабынан «коркутуулар» болуп жатканын айтты. Анткен менен акыйкат үчүн «аягына чейин күрөшөбүз» дейт ал.

«Эшиктин алдына ар түрдүү кагаздарды таштап кетип, бейтааныш кишилерден ар кандай сөздөрдү айттырып жатышат. Бирок биз коркпойбуз. Чындыгында буга чейин 6 милиционердин жакындары биздин алдыбызга “өз ара чечишип, келишип алалы” деп келишти, бирок эмнегедир келише алган жокпуз», — дейт Ташов.

«Кыргызстанда чындык чыркырап, жалган жылмайып тура берет»

«“Карга карганын көзүн чукубайт” деп, прокуратура жана судьялар менен милиция кызматкерлери баары өз ара келишип алышкан болсо, анда дагы эле Кыргызстанда чындык чыркырап, жалган жылмайып тура берет. Качанкыга чейин ушинтип жүрүшүбүз керек?» — деп кейиди Каныбек уулунун чоң энеси Тажикан Жапарова.

Мындан сырткары, Жапарова «калыс жана акыйкат териштирүү болооруна ишенбей калдык» дейт. Анткени күбөлөр да милиционер болгондугу үчүн алар кесиптештеринин пайдасына көрсөтмө берип жатышатканын айтат.

«“Болор иш болду” деп, биз сабырдуулук менен адилеттүү териштирүүнү күтүп жатканбыз. Бирок акыркы соттук отурумда неберемди экстремизмге күнөөлөп, “милицияга каршылык көрсөтүп курал колдонду” деп жатышат. Биз ага ишенбейбиз», — дейт чоң эне.

Ал эми маркумдун чоң атасынын айтымында, экспертизанын «мыкаачылык менен өлтүрүлгөн» деген жыйынтыгын жокко чыгаруу аракеттерине жогорку кызматтагы адамдар аралашып жатат.

«Жада калса судьяларга чейин аралашып жатат. Жапаровдон, Ташиевден суранайын, акыйкат чечим чыгышына кол кабыш кылыңыздар. Акыйкат чечим чыкпаса эл аралык укук коргоо органдарына кайрылууга мажбур болом», — дейт карыя.

Ал эми Ош облусттук сотунун басма сөз кызматынан «Клоопко» маркумдун жакындарынын айыптоолору боюнча комментарий беришкен жок. Болгону кезектеги соттук отурум 7-сентябрга белгиленгенин кабарлашты.

«Айыпталуучулар учурда УКМКнын тергөө абагында. Бул иште күбөлөр аябай көп болгондуктан буга чейин күбөлөр гана суралып келди. Айыпталуучулар сурала элек. Соттук териштирүү улантылып жатат», — дешти Ош облустук сотунан.

Каныбек уулунун өлүмү

Маркум Мухаммед Каныбек уулун 15-октябрда Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан Ош ОИИБинин беш кызматкери «Каракчылыкка» шектүү катары кармашып, облустук милициянын имаратына жеткиришкен. Каныбек уулунун кармалгандыгы тууралуу милиция тарабынан жакындарына кабарланган эмес.

Анын кармалышына 5-октябрда Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну аны бейтаныш жарандар карактап, 4 млн 230 миң сом акчасын жана унаасын тартып алышканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылгандыгы негиз болгон.

Эки күн өткөн соң маркумдун сөөгүн туугандары өз алдынча Ош шаарындагы өлүкканадан табышкан. Анын денесинен көк-ала тактарды байкаган туугандары Каныбек уулун «милиционерлер мыкаачылык менен кыйнаган» деп божомолдошкон. Мындан улам алар маалымат жыйын куруп, ишти акыйкат тергеп берүү үчүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан.

Ал арада милиция Каныбек уулу Ош ОИИБинин имаратына суракка келген учурда «жүрөгү кармап каза болду» деген маалымат тараткан. Ошондой эле, окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяны териштирүүнү УКМК көзөмөлгө алганы кабарланган.

Андан соң 20-октябрда Ош ОИИБинин 6 кызматкери кызматтан бошотулган. Алар — Ош ОИИБинин Криминалдык милиция кызматынын жашы жете электердин арасындагы кылмыштардын бетин ачуу бѳлүмчѳсүнүн башчысы жана төрт оперкызматкер.

Ошондой эле, ИИМдин ички иликтөө кызматы жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кызматынан бошотулгандар милдеттерин аткарууда «катачылыкка жол беришкендиги» аныкталган.

Мындан сырткары, Криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө да «эскертүү» берилген.

Кийинчерек УКМК алты кызматкерди «кыйноого» шектеп кармагандыгын кабарлаган. Ал арада милиционерлердин жакындары УКМКнын облус жана шаардагы башкармалыгынын алдына митингге чыгып, аларды бошотууну талап кылышкан.

Тема боюнча:

«Жыныстык мүчөсүн жанчып салышкан». Ошто сурак маалында каза болгон маркумдун жакындары акыйкат издейт

Ошто шектүүнүн өлүмүнөн кийин беш милиционер кызматынан алынды

Ошто шектүүнүн өлүмүнөн кийин беш милиционер кызматынан алынды