Ош АШКсы таратылып, тизмеден аялдарды жапырт чыгаруу чечими жокко чыкты

Ош АШКсынын мүчөлөрү жаңы мэрди шайлоо күнү. Сүрөт: Шумкарбек Султанмурат уулу / «Клооп»

Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрда Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын таратып салды. Мындан сырткары БШК эки партиянын тизмесинен аялдарды жапырт чыгаруу боюнча чечимин да жокко чыгарды.

Ош шаардык АШКсы 15-июлда «Биздин Кыргызстан» партиясынан 38 жана 12-августта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 31 аял талапкерди чыгарып салган. Ошондой эле аталган партиялардын катарында депутат болгон алты талапкер мандаттан баш тартышкан — алардын бешөө аял.

Отурумда Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров тизмеден аялдар жапырт чыгып кетүүсү шек жаратканын билдирди. Шайназаровдун айтымында, териштирүү учурунда талапкерлердин бири «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги аялдарга «басым жасаганын» тастыктаган.

Мындан сырткары, Шайназаров БШКга «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Бахтиярхан Турсунбаева кайрылып, мандатынан баш тартпагандыгы тууралуу билдирген.

Оштун шайлоо комиссиясы Турсунбаевадан сырткары «Биздин Кыргызстан» фракциясынан Айпери Ашимжан кызы, Айжан Манап кызы жана Улан Каналиевди, ал эми «Ата-Журт Кыргызстандан» Айгүл Караева жана Уларкан Акматованы да мандаттарынан ажыратып салган. Боршайком Ош АШКсынын бул чечимин да жокко чыгарды.

11-апрелде Ош шаардык кеңешке шайлоо өткөндөн кийин Расулбек Кадыров тогуз жыл төрагачылык кылган Ош АШКсы таратылган. Буга комиссиянын шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузууларга «чара көрбөгөнү» себеп болгон.

Натыйжада Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылып, 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. Шайлоону өткөрүү үчүн Ош АШКсынын жаңы курамы түзүлүп, аны Кушубак Ныязбеков жетектемей болгон.

Анткен менен Ныязбеков Ош АШКсында «айлык маянасы аз болгонуна байланыштуу» төрагачылыктан кетип, анын ордуна ОшТУнун проректору Урмат Аттокуров дайындалган.

11-июлда Ош шаардык кеңешке шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен төрт партия шайлоо босогосунан өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Ош шаардык кеңештеги 45 мандат төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: «Ата-Жур-Кыргызстан» — 19, «Биздин Кыргызстан» — 15, «Улуттар Биримдиги» жети жана «Бир Бол» төрт мандат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаардык кеңешке шайлоо: депутаттардын тизмеси кандай өзгөрдү?

Боршайком Ошто аял талапкерлердин массалык түрдө тизмеден чыгарылганын текшерет

«Функцияларын аткарды». Оштун мэрин шайлагандан кийин үч депутат мандатын тапшырды