Президенттин кортежи аралашкан кырсык. Шектүү эки айга ТИЗО-1ге киргизилди

8-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган жол кырсыгынын катышуучуларынын бирин эки айга ТИЗО-1ге киргизди. Жапаровдун кортежи 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы унаа жолунда кырсыкка учураган. Анын кесепетинен президенттин дарыгери каза болуп, дагы үч адам жаракат алган.

Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» жол кырсыгына шектүү 6-ноябрга чейин ТИЗО-1де болорун билдиришти.

Жол кырсыгынын ар башка версиясы

Президенттин кортежи кырсыкка учурагандан кийин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg басылмасына кырсык болгон күнү мас айдоочу жолдун каршы тилкесине чоң ылдамдык менен чыкканын билдирген.

«Президент отурган биринчи унаа буйтап кетүүгө үлгүргөн, экинчиси буйтаганга аракет кылган, бирок сокку арткы дөңгөлөккө тийип, унаа көп жолу тоголонуп кеткен. Усубалиевдин алган жараатынан кырсык болгон жерде жан берген», — деген ал.

Кийин ИИМден Ысык-Көл ОИИБи жол кырсыгы боюнча«Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаганын билдиришкен.

«Ал камакка алынган эмес. Милиция автотехникалык жана химиялык экспертиза дайындаган. Экспертизалардын жыйынтыгы менен жол кырсыгына кабылгандардын баарынын аракетине юридикалык баа берилет», — деп билдиришкен анда ведомстводон.

Бирок, шектүүнүн уулу Эрбол Кыдыргазиевдин айтымында, кырсыкта тескерисинче президентти коштогон унаалардын бири анын атасынын унаасын сүзгөн.

«Жол кырсыгында менин атам дагы жабыркады, бирок ал күнөөлүү эмес. Toyota Land Cruiser’дин айдоочусу, УКМКнын тогузунчу кызматынын өкүлү Ж.Б. президенттин кортежинен артта калган. Башкы кортеждин алдында атам Конокбай Чынырбаев жолдун четине токтогон. Чоң жолго чыкканда “Тогузунчу” кызматтын өкүлү келип сүзгөн, себеби ал каршы тилке менен катуу ылдамдыкта келе жаткан экен. Менин атам соо болчу, текшерүүлөр аны тастыктады. Ага “Жол кыймылынын эрежелерин бузуу” беренеси боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү жазып беришкен. Тергөө чакырганда дайыма барып турду, бирок кечээ аны эки айга ТИЗО-1ге камап салышты», — деп билдирди ал 9-сентябрда 24.kg басылмасына курган маегинде.

Тема боюнча:

Президент Жапаровдун кортежи кырсыкка учурап, УКМКнын кызматкери каза тапты

ИИМ: Президенттин кортежи учураган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду