Активист Нарматованын кармалышы. Жылдызкан Жолдошова президентке кайрылды

Жылдызкан Жолдошова Садыр Жапаровду колдоо митингинде. Сүрөт: 24.kg

Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошова активист Орозайым Нарматованын кармалганына байланыштуу Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал өлкө башчысын Кыргызстан — «демократиялык мамлекет» экенин унутпоого чакырды.

*Жылдызкан Жолдошева 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын катарында президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, кийин «Ата-Журт» фракциясын жетектеген. Экс-депутат Садыр Жапаров камалгандан тартып аны бошотууну талап кылган митингдерге катышып келген. Жолдошова 2020-жылы октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Ташиев менен Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясы менен төртүнчү катар санда катышкан.

«Өзүң убагында бийликке кандай "ачуу" сөздөрдү айтчу элең. Чындыкты көтөрө бил, чындыкты айткан кишиден коркпо, кошоматчылардан, хамелеондордон корк», — деп жазган ал Фейсбук барагына.

Жолдошованын пикиринде, өз кезегинде Жапаровду колдогондор «кордук» көрүп, ал эми аны «каматкандар» төрүндө олтуруп, бийлик бутактарына барып «чардап» атышат.

«Садыр иним, бир учурда өзүң мага телефондон айттың эле: “Жылдыз эже, Орозайым мен үчүн, менин үй-бүлөм үчүн көптөгөн жакшылыктарды жасады, унутпайм деп [...] Мындай көрүнүштөрдү [кармоону] кандай түшүнсө болот?» — деп кайрылды ал президентке.

Орозайым Нарматованын кармалышы

Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин Бишкекке алып кетишкендиги тууралуу кабарланган. Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген

«Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «президент жана кызматта турган кишилерди сындагандар» жоопко тартыла турганын билдирген. Ташиевдин айтымында, учурда коомчулукта «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар — УКМК алардын баарын «каттоого алып жатат» деген Ташиев.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Анткен менен Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынып, ал эми юристтер «өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эмес» деп айтышкан.

Саясатчы Адахан Мадумаров активисттин кармалышына президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар деп эсептейт. Ал өзүнүн тарапташынын кармалышын «чектен чыккан жапайычылык» деп атады.

Депутат Дастан Бекешев Нарматованын кармалышын «парламенттик шайлоонун алдында өз партиялары менен талапкерлерине орун камдоо» деп эсептейт.

Тема боюнча:

«Агасынын тажыясына келген». Ош аэропортунда Орозайым Нарматованы кармап кетишти