«Бийликке абийир алып келбейт». Депутаттар Орозайым Нарматованын кармалышын кескин сындады

Жанар Акаев / Наталья Никитенко / Дастан Бекешев / Аида Касымалиева

Жогорку Кеңештин депутаттары «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалышын кескин сынга алышты. Нарматова 10-сентябрда эртең менен Ош аэропортунан Москвага учканы жатканда кармалган.

Ички иштер министрлиги активист кыз бийликти сындаганы үчүн кармалганын тастыктады — ага карата «Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганы белгилүү болду. Милиционерлер Нарматованы Бишкекке алып кеткени маалымдалды.

«Мурдагы президенттердин каталарын кайталап жатышат»

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко фейсбукта «бийлик Нарматованы кармап, мурдагы өлкө башчылардын каталарын кайталап жатат» деген пикирин жазды. Анын айтымында, Нарматованын кармалышы «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жана башка кармалган активисттердин окуясы менен бир катарда турат.

*Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовго 5-6-октябрдагы окуялар боюнча алты берене менен айып тагылган. Ал дагы президент Садыр Жапаровдун бийлигин сындап келген.

«Элдин 80 пайызынын колдоосуна ээбиз деген бийлик жаш кыздан, жаш активисттен, көзү жакшы көрбөгөн депуттан жана аялдардан коркпошу керек!» — деп жазды Никитенко.

Ошондой эле эл өкүлү «бийлик буга чейин берген убадаларын аткара албай, элдин колдоосун жоготуп жатканын» түшүнүп баштаганын айтты. Никитенко кылмыштуулуктун саны өткөн жылга салыштырмалуу бир жарым эсе өскөнүн эскертип, убадаланган мыйзамдуулук орнотулбаганын билдирди.

«Убадаланган эркиндиктер жана демократия кайда? Биз буга чейин айтылгандай Түркмөнстанга айланып жатабыз. ИИМдин Нарматовага карата айыптоолорун окуп көрүңүздөр. “Ал бир нече жолу бийликти сындаган!” Анан? Саясатчы сынды угуп, өзүнүн тууралыгын камоолор менен эмес, иш менен далилдеши керек», — деп жазды ал.

«Орозайымды кармап кетүү — уят»

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Нарматованын кармалышын «мыйзамсыз» жана ага коюлуп жаткан күнөө «суу кечпейт» деп билдирди.

«Орозайымды кармап кетүү — уят жана бийликтин аброюн болуп көрбөгөндөй түшүрөт. Орозайым — келечекте жылдызы жанчу саясатчы, өзүнүн позициясы бар. Ушундай адамдар саясатта болушу керек жана парламентке келиши керек», — деди Касымалиева.

Ал эми депутат Дастан Бекешев Нарматованы фейсбукта жазган посттору үчүн «өтө кооптуу кылмышкер катары тергөө изоляторуна камакка алганы турушат» деп билдирди. Ошондой эле Бекешев 2012-жылдын 3-октябрындагы* окуяларга тиешеси барлар бүгүнкү күндө акталганын эскертти.

«Тилекке каршы бийлик муну менен токтолбойт, мындай кармоолор улана турганын айтып жатышат. 28-ноябрга [парламенттик шайлоого] өзүнүн талапкерлери жана партиялары үчүн талааны тазалап жатышат», — деди Бекешев.

*Анда ошол кездеги «Ата-Журттун» депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов тарапташтары менен Ак үйдүн алдында митинг уюштурушкан. Саясатчылар Кумтөр кенин улутташтыруу талабын коюшкан. Анда Ташиев тарапташтары менен Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүп, бирок көп өтпөй милиция аларды сүрүп чыгарган. Башкы прокуратура саясатчыларга «Күч колдонуп бийликти басып алуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүү чакырыктарын эл алдында айтуу» беренелери менен айып таккан. Ал эми 2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовду актаган.

Чектен чыккан иш

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев фейсбук баракчасында Нарматованын кармалышын «чектен чыккан иш» экенин билдирди. Акаевдин айтымында, Нарматова жалгыз агасын жоготкондон кийин аны аэропорттон күч колдонуп кармап кетүү «эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш».

«Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым жаш экенине карабай кайсы бийлик болбосун өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул. Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин сайраңдап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абийир алып келбейт», — деп жазды Акаев.

Ошондой эле депутат күч органдарынан тез арада түшүндүрмө берүүсүн жана Орозайым Нарматованы бошотууну талап кылды.

Орозайым Нарматованын кармалышы

Орозайым Нарматова

Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин Бишкекке алып кетишкендиги тууралуу кабарланган. Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «президент жана кызматта турган кишилерди сындагандар» жоопко тартыла тураганын билдирген. Ташиевдин айтымында, учурда коомчулукта «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар — УКМК алардын баарын «каттоого алып жатат» деген Ташиев.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Анткен менен Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынып, ал эми юристтер «өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эмес» деп айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чектен чыккан жапайычылык». Мадумаров Орозайым Нарматованын кармалышын сынга алды

ИИМ Орозайым Нарматова бийликти сындаганы үчүн кармалганын тастыктады