«Буйрукту аткардык». Ош ОИИБинин алдында Нарматованын тарапташтары митингге чыгышты

Орозайым Нарматованын тарапташтары нараазычылык акциясына чогулган учурдан кадр. Сүрөт: Kloop.kg

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөлөрү жана Орозайым Нарматованын жакындары 10-сентябрда Ош ОИИБинин алдына нараазычылык акциясына чогулушту. Алар «бийликти сындаганы үчүн кармалган» Нарматованы бошотууну талап кылышты.

Нарматованын туугандарынын бири анын кармалышы боюнча аларга эч кандай маалымат берилбегенин айтып, анын күтүүсүздөн кармалып Бишкекке алынып кеткенине нааразычылыгын билдирди.

«Ош шаарынан кармалып атса эмнеге аны Бишкек шаарына алып кетишет? Биз эми энебиз да, Орозайым өзү кара кийип, кан жутуп отурса, анан аэропорттон кармаган туура эмес. Кагаз берип чакырса деле сурак берет болчу. Машина менен эмес учак менен алып кетсе да болмок эле, машина менен алып кеткен да туура эмес. Азыр туугандарынын да маалыматы жок болуп атат. Биз шайлоонун алдында бут тосуу деп ойлоп атабыз», — дейт ал.

Андан сырткары чогулгандар активисттин кармалышынын артында «саясий буйрук жатат» деп белгилешти.

Cүрөт: Kloop.kg

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Замир Шамшидин уулу ал партиялашынын акыркы учурда жарыялаган видеолорунун баарын көрүп чыкканын белгилеп, ага тагылган айыптар негизсиз экенин айтты. Анын айтымында, партия Нарматованы бошотууну талап кылып жатат

Ал эми партиянын Оштогу катчысы Нурмухаммед Аташпаев партиялашын колдоо үчүн Бишкек шаарына чейин барууга даяр турабыз деди. Ал бийлик Нарматованы эч жакка кетпөө тил каты менен бошотот деп үмүт кылууда.

«Биз партиялашы катары аны колдоп чыгып атабыз. Керек болсо Жапаров да кармалгандан кийин Орозайым “бошоткула” деп митингге чыккан. Биз эртерек аны жок дегенде эч жакка кетпөө тил каты менен чыгарып берүүңүздөрдү талап кылабыз. Таңга чейин күтөбүз, болбосо Бишкекке чейин барабыз», — деди Аташпаев.

Чогулгандарга Ош ОИИБинин тергөө кызматынын башчысы Абилбек Алимкулов жана коомдук коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн орун басары Талантбек Шатманов чыгышты.

«Атайын тергөө кызматынан бизге Орозайым Нарматованы суракка алып келүү боюнча тапшырма келген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тапшырма келгенден кийин биз аны аткарууга милдеттүүбүз. Азыр атайын кызматкерлердин жана аял кызматкердин коштоосунда алар Бишкекке жетип калышат. Биздин милдет Оштон Бишкекке алып баруу болгон. Ошону гана аткардык», — деди Алимкулов.

Ал эми Абилов милиция Орозайым Нарматованы «кылмышкер катары кармап кеткен эмес» деп белгиледи. Ал облустук ички иштер башкармалыгы буйрукту аткарып суракка жектирүүнү камсыз кылганын айтат.

Cүрөт: Kloop.kg

Орозайым Нарматованын кармалышы

Орозайым Нарматова 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин Бишкекке алып кетишкендиги тууралуу кабарланган. Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Нарматова «Рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча тагылган айыптын негизинде кармалганы белгилүү болду.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Нарматовага иш коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында интернет айдыңында жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында козголгон.

«Орозайым Нарматова "Мен макул эмесмин" жана "Менин укугум бар" коомдук кыймылдарынын лидери болуп Орусиянын Москва шаарында бир нече жылдан бери конференцияларды уюштуруп келет. Иш-чараларда эмгек мигранттарынын жана кыргыз жарандардын арасында нараазычылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген», — деп белгилешти министрликтен.

Мындан сырткары, Нарматованын билдирүүлөрүндө «Кыргызстандын бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо жана терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экени» кабарланды. Анын акыркы ишмердүүлүгү «региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталганы» айтылды.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген

«Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

«Агасынын тажыясына келген». Ош аэропортунда Орозайым Нарматованы кармап кетишти

ИИМ Орозайым Нарматова бийликти сындаганы үчүн кармалганын тастыктады

Орозайым Нарматова: «Мурдагы Садыр Жапаров азыркы Садыр Жапаровго каршы келет»