Жанар Акаев: Келерки шайлоого карата эки чоң партия түзүлүп жатат

Депутат Жанар Акаев

22-сентябрдагы парламент жыйынында депутат Жанар Акаев алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн эки чоң партия түзүлүп жатканын айтты. Депутаттын айтымында, бул партияларга «жогорку кызматтагы кишилер жалаң акчалуу талапкерлерди топтоп, тизме түзгөнгө аракет кылып жатышат».

Бирок эл өкүлү кайсы партиялар тууралуу сөз болуп жатканын так айткан жок.

Жыйында депутат БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабековага кайрылып, президент Садыр Жапаровго бул тууралуу маалымат жеткирүү керектигин билдирди.

«Эң чоң, таасирдүү кызмат адамдары бүгүнкү күндө партияларга нак каражаттары бар кандидаттарды топтоп, өздөрү кепилдик берип, тизме түзгөнгө аралашып жатат», — деди ал.

Акаев президент буга байланыштуу коомчулукка кайрылуу жасашы керек, себеби «президенттин атынан сүйлөп, талапкерлердин башын айлантып жаткан партия лидерлери» бар деп кошумчалады.

«Партияны түзгөн адамдар “президенттин батасын алдык, резюмеңерди бере калгыла, президент күтүп калды, өзү добро берип атат” деп, кандидаттардын баштарын айлантып жатат. Ошондой шустрый партия лидерлерине да президент өзү кайрылып, “баарына бирдей жана тегиз мамиле кылам” дегендей ойду айтып койбосо, ар кандай ыкма менен кандидаттарды азгырып алуу аракеттери болуп жатат», — деп белгиледи депутат.

Ал эми БШКнын төрайыма эл өкүлүнө бул боюнча маселе президент менен талкууланганын, ал бул тууралуу кабардар экенин айтып жооп берди.

«Өлкө башчысынын бул боюнча толук маалыматы бар, андай болбойт деп ойлойбуз», — деди Шайлдабекова.

Мурдараак, 15-сентябрда депутат Жанар Акаев ИИМге чакырылып*, сурактан кийин «Клоопко» Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанып жаткан партиялардын болжолдуу курамын билерин айткан. Эл өкүлү алардын арасында «Түркмөнстандагы жүгүнүп турган депутаттардай болууну каалагандар дагы жок эмес» деп кошумчалаган.

*Акаев Курсан Асановдун аты аталган видеого жана бир нече маданият кызматкерлери президентке жолдогон катка байланыштуу суракка чакырылган.

«Азыркы алтынчы чакырылышты, албетте, сапатсыз, чимкирик, сөздү туура айта албайт деп баалашат, бирок кийинки парламент мындан дагы начар [болот]», — деген ал.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык, аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан келет. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Тема боюнча:

«Сурактын шайлоо менен байланышы бар». Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты

Видео: Депутат Жанар Акаев ИИМге сурак бергени кирип кетти