Токмоктогу аварияга президенттин администрациясына караштуу унаанын тиешеси барбы?

Сүрөт Чолпон Сыдыкованын фейсбук баракчасынан алынды

Чүй облусунун Токмок шаарында 3-октябрга караган түнү жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки киши каза тапты.

Облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан авария Toyota RAV-4 жана Mazda үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгонун билдиришти.

Авариянын кесепетинен жол тандабаста отурган эки жүргүнчү каза тапты, дагы алты адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага түштү.

Соцтармактарга жарыяланган сүрөттөрдөн Toyota RAV-4 унаасында президенттин иш башкармасынын кызматкерине берилген өткөрмө кагазы чапталганын көрүүгө болот.

Токмок шаардык кеңешиндеги «Асыл Мурас-Жаштар» фракциясынын депутаты Чолпон Сыдыкова жол тандабасты буга чейин да көргөнүн жана өткөргө кагаздагы номур менен унаанын номурунун айырмаланганы суроо жаратаарын жазды.

«Бул жерде жарыктандыруу жок. Мамыча, светофор, жол белгини сүзүп кетишти, булар кандай ылдамдыкта айдашкан?! Өткөрмө кагаз да кызык, бирок башка номурлар менен айдашкан. Бул унааны шаарда улам көрүп жатканмын, эмне деген номурлар? Кимге караштуу? Суроолор көп», — деп жазды Сыдыкова.

Кийинчерээк Сыдыкова Toyota RAV-4тү Мамлекеттик аңчылык чарбасынын мурдагы директору Алтымыш Ибраимовдун уулу Бакыт башкарган деп айтып жатышканын билдирди.

Президенттин иш башкармасынын сайтында Бакыт Ибраимов Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн референти катары көрсөтүлгөн. Анын атасы болсо кызматынан 2021-жылдын 24-июлунда бошотулган.

Мындан сырткары, Сыдыкова кырсыкка учураган жол тандабастын айдоочусу мас абалда болгонун, ошол күнү «Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев менен бирге ичкенин» кошумчалады. Депутаттын айтымында, Самаев бул кырсыкка «күбө болгон».

*«Чемпион» каймана аты менен таанымал Самаев үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Токтмоктун мэри болуп шайланган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Материал жарык көрөөрдүн алдында Урмат Самаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Чүй ЖКККБдан Toyota RAV-4 өлкө башчынын администрациясынын кызматтык унаасы деген маалыматты төгүндөштү. Ошондой эле, президенттин басма сөз кызматынан Toyota RAV-4 унаасы аларга караштуу эмес экенин билдиришти.

Президенттин кортежинин катышуусундагы жол кырсык

Июнь айынын башында президент Садыр Жапаровду коштогон унаалардын бири Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында аварияга учураган. Жол кырсыгында Садыр Жапаровдун дарыгери Илгиз Усубалиев каза таап, дагы үч адам жабыркаган.

Маалыматка ылайык, мас абалдагы айдоочу жолдун каршы тилкесине чыгып, мамлекттик күзөттүн унаасын сүзгөн. Президент өзү башка унаада болгон, ал жабыркаган эмес.

Ал эми Ички иштер министрлиги «Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежесин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Учурда шектүү №1 тергөө абагында кармалууда.