Ошто беш партия кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок

11-июль, 2021-жыл. Кезек күтүп турган шайлоочулар. Сүрөт: Зарина Маматжанова/Kloop

Ошто үч партия шаардык кеңешке өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 13-июлда АШКга арыз берди. Бул тууралуу «Клоопко» төрага Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, арызды «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу-Журт» жана шайлоодон четтетилген «Ынтымак» партиялары берген. Алар бир ооздон шайлоодо добуш сатып алуу, админресурс, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү сыяктуу мыйзам бузуулар болгонун айтышып шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

«Материалды АШКнын мүчөлөрү отурумда карашат. Бул арыз кече келди, андан мурда түшкөндөрү да бар. Кезеги менен карайбыз», — деди Аттокуров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Улан Канат уулу бул шайлоодо өткөнкүгө салыштырмалуу добуш сатып алууга шектелип кармалган анык кандидаттар болгонун белгиледи — ал мунун өзү эле «шайлоонун таза өтпөгөнүнүн көрсөткүчү» дейт.

«“Ынтымак” четтөөгө аргасыз болду, “Бир болдун” да кандидаттары кармалды. “Улуттар Биримдигинин” үгүтчүсү үгүт иштери токтогон күнү кармалды. “Ата-Журт Кыргызстандын” да Он-Адырдагы кандидаты кармалды деген маалымат бар. Аны өз ара сүйлөшүп бүтүрүп койду деген күмөндөбүз. Биздин талап адилеттүүлүк үчүн бардык партияларга “Ынтымактай” эле чара көрүлүшү керек», — деди ал.

Талапкер бирдей чара көрүү кийинки шайлоолор үчүн «сабак болот» деген ойдо.

Ал эми «Улуу-Журт» партиясынын өкүлү Мирлан Орозбаев мындан аркы кадамдарды тилектештикке чогулган беш партия — арыз берген үчөө менен кошо «Нур», «Келечек-Будущее» партиялары жасай турушканын билдирди.

«Шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталды. Ар бир партияда далилдер бар. Териштирсе көрсөтүп беребиз. Президент Садыр Жапаров Оштун мэрине шайлоону таза өткөрүү боюнча тапшырма берди эле. Аны аткара алган жок», — деди Орозбаев «Азаттыкка» берген маегинде.

11-июлда өткөн шаардык кеңешке шайлоого Ошто сегиз партия катышты. Алдын ала жыйынтык боюнча «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Бир бол» партиялары жеңишке жетишти.

Шайлоодон кийин Ош ШИИБи бул жолу өткөнкүгө салыштырмалуу үч эсе аз мыйзам бузуу катталганын айтты.

Анткен менен соцтармактарда жана ЖМКларда добуш сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, шайлоочуларды массалык түрдө ташуу фактылары боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып жатты.

Видео: Ошто акча тараткандар менен «Ата-Журт Кыргызстандын» кандай байланышы бар?

Видео: Ош шаарында шайлоочулар массалык түрдө ташылып жатат

Ош: «Биздин Кыргызстандын» талапкери шайлоо участогунда үгүттөп жүргөнү айтылды

Ош: №5303 участоктогунда журналисттердин ишине тоскоолдук жаратылды

Шаардык кеңештерди кайра шайлоо: «Клооп» саат 12ге карата кандай мыйзам бузууларды каттады?