Аткезчилик боюнча соттолгон Дамирбек Асылбек уулу шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Дмирбек Асылбек уулу

Аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу парламенттик шайлоого катышуу үчүн 11-октябрда БШКга арыз берди. Ал Ысык-Көл облусундагы №35 Ак-Суу шайлоо округунан талапкерлигин көрсөттү.

Асылбек уулу 2018-жылы кыргызстандык эки киши менен чогуу Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган. Жалпысынан Казакстандын атайын кызматы жүргүзгөн операциянын натыйжасында аткезчиликке тиешеси бар делген 29 киши кармалган — алардын ичинде бажычылар, күч органдары жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар болгон.

Ошондой эле Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Асылбек уулунун казак жарандыгы бар болгонун маалымдаган. Бирок экс-депутаттын атасы Асылбек Супатаев анын баласы Кыргызстанда туулганын жана анда казак жараныгы жок экенин айтып чыккан.

2019-жылдын апрель айында Алматы шаарынын атайын соту Асылбек уулун жана эки кыргызстандыкты «Транс улуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө», «Экономикалык аткезчилик» беренелери менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле жылдын ноябрь айында аны Кыргызстанга өткөрүп берген.

Анткен менен экс-депутат 2020-жылдын 21-августунда эркиндикке чыккан — ал 10 жылдык абак мөөнөтүнүн бир жылдан ашыгын гана абакта өткөргөн. Бир жумадан кийин Жогорку сот ал мунапыс боюнча бошотулган деп түшүндүрмө берген. Ошондой эле сот Асылбек уулунан «Транс улуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө» айыбын алып салган.

Асылбек уулу күрөш федерациясынын вице-президенти. Ал үстүбүздөгү жылдын август айында «Кыргызстандын Олимпиадага катышуусуна зор салым кошкондугу үчүн» президент Садыр Жапаровдон ардак грамота алган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.