Президенттин кеңешчиси жана жардамчысы парламенттик шайлоого катышат

Адинай Марипова / Равшан Сабиров

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшан Сабиров жана коомдук башталыштагы жардамчысы Адинай Марипова парламенттик шайлоого катышат.

Сабиров шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын партиясы менен катыша турган болду. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, 12-октябрда кызматынан кетти.

Равшан Сабиров 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Октябрь окуяларынан кийин ал Жапаров жетектеген өкмөттүн курамында вице-премьер-министр болгон.

Аткаминер 2012-жылы социалдык өнүгүү министрлигин башкарган. Анда ага «Кыргызстандан бала асырап алууга уруксат бере турган лицензия үчүн италиялык компаниядан пара талап кылган» деген айып тагылган. Сот аны мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан, бирок ал бир жылдан кийин мунапыс менен бошотулган. Бийликке Жапаров келгенден кийин Жогорку сот Сабировдун «пара опузалоо» иши боюнча өкүмдөрүн жокко чыгарып, кайра кароого жиберген.

Ал эми Адинай Марипова да октябрдагы парламенттик шайлоого президент «Мекенчил» менен катышкан. Учурда ал «Ынтымак» партиясынын тизмесинде.

*«Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев. Ал өткөн жылы «Мекеним Кыргызстан» менен шайлоого аттанган. Аталган партия Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет.

Марипова шайлоого чейин «Чемпион» каймана аты менен таанымал экс-депутат Урмат Самаевдин консультанты болгон. Ал Бишкек эркин экономикалык аймактын башчысы Кудрет Тайчабаровдун бир тууганы. Тайчабаров дагы аталган кызматка Жапаров бийликке келгенден кийин дайындалган.

Марипова январдагы президенттик шайлоодо Жапаровдун үгүт кампаниясында иштеген. Ал эми 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдогон.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен.