Сот Курсан Асановду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 14-октябрда Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун аппеляциялык аразын карады. Ал арада соттун алдына экс-чиновниктин тарапташтары чогулду.

Сүрөт: 24.kg

Бирок сот аппеляциялык арызды канааттандырган жок, ал эми Асанов №50 тергөө абагында камакта калтырылды.

«Курсан Асановго карата кылмыш иштеринин эч кандай далилдик базасы жок. ИИМ жетекчилиги бир нерсе тапкысы келип жатат, бирок убара болушпасын», — деп билдиришти Асановдун адвокаттары.

Асановго кандай айып тагылган?

13-сентябрда социалдык тармактарда болжолу Курсан Асанов менен «Толубай» коммерциялык банкынын коммерциялык директору Алмаз Сарыбаевдин үнүнө окшош делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Видеонун алдына Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал менен басып алууну сүйлөшүп жатышат деп жазылган.

Ал эми 14-сентябрда милиция кызматкерлери ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановду бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө шектеп кармашкан.

Ошол эле кезде ИИМ аталган жазуудагы үн Асановдуку экенин далилдеш үчүн видеону экспертизадан өткөргөн эмес. Бул саясатчынын жактоочулары экспертиза жүргүзгөндөн кийин белгилүү болгон, экспертиза видеодогу үн сасатчыга таандык эместигин далилдеген. Ал эми эртеси күнү ИИМ аталган жыйынтыктар өлкө мыйзамдары боюнча «адистин корутундусу» болуп эсептелинерин жана ал «кылмыш иши боюнча далил катары таанылышы мүмкүн эмес» деп билдирген.

Бирок ведомство тергөө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында лингвистикалык жана фоноскопиялык экспертиза дайындоо тууралуу маселени чечип жатканын, «аны өткөрүү иши салыштырма материалдары менен кошо тийиштүү мамлекеттик экспертизалык кызматтарга тапшырылаарын» кошумчалаган.

Тема боюнча: Курсан Асановдун иши: ИИМ чуулгандуу үн жазма боюнча өз экспертизасын дайындайт

Бийликти басып алуу иши: Курсан Асановдүн үнү делген аудио монтаждалганы аныкталды

Курсан Асанов эки айга №50 изоляторуна киргизилди. Ал жерде «өзгөчө кооптуу кылмышкерлер» кармалат