БШК Алмазбек Баатырбеков менен Равшан Жээнбековдун талапкерлигин каттады

Равшан Жээнбеков / Алмазбек Баатырбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-октябрда экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана Алмазбек Баатырбековдун талапкерлигин бир мандаттуу округдан каттады. Учурда «Кой-Таш окуялары» боюнча кармалган Жээнбеков УКМКнын тергөө изоляторунда, ал эми «Кумтөр иши» боюнча кармалган Баатырбеков үй камагында.

БШК эки саясатчыга тең соттун айыптоо өкүмү чыга электигине байланыштуу аларды каттоодо тоскоолдук жок деген жыйынтык чыгарды.

Экс-депутаттар эмнеге шектелүүдө?

Парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков 2019-жылдын декабрь айында «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу кармалган. Анда УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн анын үйүн штурмга алган.

Атайын операция учурунда спецназчы Үсөнбек Ниязбеков октон каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, жаракат алган.

Жээнбековго «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айып тагылган.

2020-жылы октябрь окуяларында Жээнбеков бир катар саясатчылар менен кошо абактан бошотулган. Кийинчерээк сот анын бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүп, бирок үстүбүздөгү жылдын 5-августунда аны №1 тергөө абагына кайтарган.

Ал эми Алмазбек Баатырбеков «Кумтөр ишинин» алкагында үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө абагына киргизген. Бирок көп өтпөй Баатырбеков тергөө менен кызматташууга барып, үй камагына чыгарылган.

Баатырбеков Жогорку кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылыштардын депутаты, ошондой эле мурдагы вице-премьер-министр.

Учурда Баатырбековдун иши Биринчи май райондук сотунда каралып жатат, бирок соттук отурумдар улам жылдырылып жатат. Акыркы жолу Баатырбеков ооруканага түшкөнү, кийинчерээк соттук отурумдарга келбей жатканы кабарланган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Учурда БШК сегиз партия жана бир мандаттуу округдардан 329 талапкерди каттоодон өткөрдү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди