Чүй: «Сосновкада» 18 жаштагы кызды Таласка «ала качып» бараткан үч киши кармалды

Чүй облусундагы «Сосновка» транспорт көзөмөлдөө пунктунда 2-ноябрда 18 жаштагы кызды никеге мажбурлап тургузуу үчүн Талас облусуна уурдап бараткан үч адам кармалды. Бул тууралуу 3-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Чүй облустук башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына «ала качуу» тууралуу маалымат саат 21:30 чамаларында түшкөн. Анда Аламүдүн районунун «Ала-Тоо» совхозунда 18 жаштагы кызды эки киши күч менен унаага салып кетишкени айтылган.

Чүй облусу боюнча «Кармап калуу» иш-чарасы жарыяланган. Анын алкагында ЖКККБнын Чүй облустук башкармалыгынын инспекторлору «Сосновка» стационардык постунда «Лексус» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан

«Унаанын ичинде үч эркек жана бир кыз отурган. Сурак маалында кыз эркине каршы никеге тургузуу максатында уурдалып, Талас облусуна бара жатканы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөр Чүй облусунун Жайыл РИИБнин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Мындан бир ай мурда ушул эле «Сосновка» постунда 20 жаштагы кызды «Ак-Ордо-3» жаңы конушунан уурдап, Токтогул шаарына алып бара жаткан киши кармалган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 187 «ала качуу» фактысы катталып, анын 177си «кылмыштын курамы жоктугуна» байланыштуу кыскартылган. Катталган фактылардын сегизи гана сотко өткөрүлгөн.

Бирок «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренесинде кылмышкерлерге каттуу жаза каралганы менен көбүнчө алар шарттуу түрдө эркинен ажыратылат же толугу менен акталат.

«Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, иштер дээрлик сотко жетпей кыскартыларын аныкташкан. Эскперттер буга милиция менен прокуратуранын өз ишин мыйзам чегинде аткарбаганы себеп дешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?