Бишкек: Тарых музейи 20-ноябрда ачылат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы көп күттүргөн Бишкектеги Тарых музейинин расмий ачылышы 20-ноябрда боло турганын кабарлады.

Маданият министрлигинен белгилешкендей, музейге ачылган күндөн тартып 30-ноябрга дейре акысыз кирсе болот. Музей саат 10:00дөн тартып 18:00гө чейин иштейт.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандардан музейге беткап кийип, санитардык нормаларды сактоо талап кылынат. Музейге кирүү алдында жарандар музейге кирүү тартиби жана экскурсия талаптары менен тааныша алат», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Узак убакытка созулган ремонт

Бишкектеги тарых музейи. Сүрөт / Ислам Розиев / Клооп.

Бишкектеги Тарых музейи жабык турганына беш жылдан ашкан. Ал 2016-жылы эле реконструкцияга жабылган. Оңдоо иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжолдонгон, бирок анын ачылышы улам-улам жылдырылып келген.

2016-жылы ноябрда имаратта өрт чыккан. Музейдин администрациясы жана өлкө бийлиги музейдин балансындагы 130 миңден ашуун экспонат бүтүн бойдон сакталып турганын айткан.

Бирок «Клооп» менен OCCRPнин журналисттери музейдин ички документтерине ылайык, бери дегенде 18 экспонат жарактан чыгып же өрттөлүп жок болгонун аныкташкан.

Тема боюнча окуңуз: Өгөйлөнгөн маданият: Бийликтин шалаакылыгы тарыхый мурастарды кантип жок кылууда?

Музей жабык турган маалда маданият министрлиги менен өкмөттүн чиновниктери ал «баланча-түкүнчө күнү» ачылат деп көптөгөн убадаларды беришкен.

Мисалы, 2018-жылы январда музейге ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков барган. Анда музей 2018-жылдын март айында ачылары айтылган. Бирок ачылышы жылдырылган.

2018-жылдын 7-августунда Маданият министрлигинин Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чолпон Тентиева музейдин ачылышы ошол жылдын 31-августунда Эмгемендүүлүк күнүнө карата ачыларын билдирген. Бирок айтылган убакытка чейин оңдоо иштери бүтпөй, анын ачылышы кайрадан жылдырылган болчу.

Анан калса, 2018-жылдын жай айларында Башкы прокуратура Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иликтөө ишин баштаган. Кийин көзөмөл органы музейди реконструкциялоо менен Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу боюнча иштерди бир өндүрүшкө бириктирген.

Бул иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 200 млн сомдон ашык деп бааланган. Алты чиновникке коррупция боюнча айып тагылган. Алардын арасында экс-премьер-министр Сапар Исаков дагы бар.

«Музей реконструкциялоо ишине байланыштуу иликтөөдөн улам жабылган. Кылмыш иши аягына чыга элек, ошондуктан качан ачылат так айта албайбыз», — деп жооп беришкен маданият министрлигинен журналисттерге 2019-жылдын апрель айында.

Музейди ачууга тоскоол болгон акыркы көйгөй кыргыз бийлигинин карызы болгон. 2021-жылдын сентябрында Мамлекеттик курулуш агенттиги музей өлкө бийлиги немис компаниясына 225 миң евро карызынан улам жабык турганын айткан.

2-ноябрда өкмөт немис компаниясынын алдындагы карызынан кутулганы белгилүү болгон. Анда Маданият министри Азамат Жаманкулов музейди ноябрдын аягында ачуу үчүн программалык камсыздоону ишке киргизе турган адистер келиши керек деген.