«Өрдөк этинин чуусу». Сот «пара опузалоого» айыпталган Жамгырчиев менен Калмуратовду актады

Эмил Жамгырчиев / Бакыт Калмуратов

Каржы полициясынын мурдагы төрага орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүн аппарат жетекчисинин экс-орун басары Бакыт Калмуратов акталды. Мындай чечимди 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Аткаминерлерге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери менен айып тагылган болчу. Ал эми прокуратура аларды 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Ошол эле учурда сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучунун доосу жок болгондуктан улам бул ишти кыскартып салды.

Учурда Жамгырчиев парламенттик шайлоого катышууда — ал «Альянс» партиясынын талапкери.

Эмил Жамгырчиев жана «өрдөк эти» чуусу

Жамгырчиев 2018-2020-жылдары Каржы полициясынын төрага орун басары кызматын аркалаган.

2019-жылы жеке ишкер Эмир Эмилканов Жамгырчиев жана Калмуратов андан «50 миң доллар опузалаганына» даттанган. Эмилканов 2018-жылы Кытайдан Бишкекке 80 тонна өрдөктүн этин алып кирүүгө аракет жасаган.

Ишкердин айтымында, ал каражаттарды кылмыш ишин жаптыруу үчүн Калмуратов аркылуу Жамгырчиевге берген. Ошондой эле Эмилканов эки аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазган.

Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук сотунан ал казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Анткен менен Жамгырчиев мамлекетке 20 млн сом төкпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал «мамлекетке зыян келтирилген эмес».

Ал эми сот отурумунда ишкер Эмир Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан.