Үч унаа кагышкан жол кырсыгы. Реанимацияда жаткан 7 жашар бала каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 16-ноябрда орун алган жол кырсыгынан каза болгондордун саны онго жетти. 24-ноябрда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 7 жашар бала каза болгону кабарланды.

Облустук балдар ооруканасынан «Турмуш» басылмасына билдиришкендей, баланын баш сөөктөрү сынып, мээсине кан уюп калган. Мындан улам абалы өтө оор болуп 19-ноябрда көз жумган.

Ал эми дагы эки жаш бала жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып, нейрохирургия жана сынык жана жарааттар бөлүмүндө дарыланып жатышат.

Бир күн мурда кырсыктан жабыркап, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 25-жаштагы киши каза болгон. Анда ооруканада дагы алты киши калганы, бешөөнүн абалы туруктуу болуп, бирөө операцияга даярдалып жатканы айтылган.

Бир апта мурда орун алган жол кырсыкта «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагыша кеткен. Анда кырсыктан жеринде жети адам мерт кеткен.

Ал эми жалпы 15 киши ооруканага түшүп, алардын ичинен үч жаш бала жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми каза тапкандардын үчөө — аял, төртөө — эркек киши, бирөө — 15 жаштагы өспүрүм кыз болгон.

Ош облусунда 2021-жылдын 10 айында облуста 660 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош — Бишкек жолундагы жол кырсыгынан каза тапкандардын саны тогузга жетти