Шайлоо 2021. Бир нече маданият кызматкери иштен алынып, айрымдарына сөгүш берилди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир нече маданият жана спорт кызматкерлерин иштен бошотуп, айрымдарына сөгүш берди. Бул тууралуу «Клоопко» министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева кабарлады.

Ош улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишов* кызматтан алынып, «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу менен Алай районунун маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев өзү жазган арыздын негизинде иштен бошотулду.

*Суранчы Жетимишовдин кызматтан кеткени 19-ноябрда эле белгилүү болгон. Анда Жетимишовдун кайсы талапкерге үгүттөгөнү ачыктаган эмес. Бирок Оштун экс-мэри, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Таалайбек Сарыбашовдун үгүт ролигинде Суранчы Жетимишовду көрүүгө болот. Анда драма театрдын бөлүм башчысы Сарыбашовду колдоп сөз сүйлөгөн.

Ошондой эле Токмок шаарында бокс боюнча машыктыруучу да өз каалоосу менен иштен кетти.

Ал эми Ош облусундагы А.Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалими менен Талас облусунун «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басарына сөгүш берилди.

Асанбаеванын айтымында, мындай чара «шайлоону таза өткөрүү жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында көрүлдү.

Буга чейин маданият министрлиги шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыгарган. Буйрукта эрежени бузган учурда кызматкерлер жазага тартылып, ээлеген кызматынан бошотулары белгиленген.

Шайлоо жөнүндө президенттин жарлыгы

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында «28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын алкагында буга чейин бир нече мамлекеттик кызматтагы адамдар иштен алынып, сөгүш жаряланган.

Үстүбуздөгү жылдын 19-ноябрда УКМК «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Базар-Коргон районундагы башкармалыгынын жетекчисине «катуу сөгүш» жарыяланганын билдирген. Аткаминер 10-ноябрь күнү депутаттыкка талапкердин пайдасына үгүт жүргүзгөнү аныкталган.

Ал эми 16-ноябрда Министрлер кабинети «Шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгын аткарбаганы үчүн «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго сөгүш жарыялаган.

9-ноябрда «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына ОшМУнун сутденттери катышканы үчүн окуу жайдын ректору жана бир нече мугалими кызматтан алынган. Ош ШИИБи университеттин мугалимдерине «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон.

Аталган окуя боюнча 3-ноябрда эки окутуучуга «сабак учурунда студенттерди көргөзмөгө катыштырганы» үчүн сөгүш жарыяланган.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Сарыбашовго үгүттөгөн». Ош улуттук драма театрынын бөлүм башчысы иштен алынды

Карындашын «парламенттен көргүсү келген» Кудрет Тайчабаровго сөгүш берилди

Үгүт жана студенттер. ОшМУнун ректору иштен алынып, Оштун мэрине сөгүш жарыяланды