«Айкөл эмес, амалкөй экенсиз!» Тилекмат Күрөңовдун аялы президентти сынга алды

Активист Тилекмат Күрөңовдун (Кудайбергеновдун) жубайы Белек Бактыбекова президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылууда ал өлкө башчысын «амалкөй» деп атап, Күрөңов «ак жеринен» камалганын билдирди.

Кайрылууну 24-ноябрда Фейсбукта «Туран» партиясы жарыялады. Күрөңов үстүбүздөгү жылдын июлунда ушул партиядан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон.

«Айкөл эмес амалкөй экенсиз! Сиз балдарыбызды атанын мээриминен, камкордугунан ажыраттыңыз. Тилекматтын айыпталып жаткан постторунда чакырык жок, эч кандай кылмыштын курамы жок экенин 1-курстун студенти да түшүнөт. Ак жеринен камап коюп абийир таппайсыз. Сиз бийликке келсеңиз адилеттүүлүк орнойт деп үмүт арткан эле», — деп жазган Бактыбекова.

Тилекмат Күрөңов үй-бүлөсү менен. Сүрөт: kaktus.media

Анын айтымында, убагында Жапаровдун уулу кырсыкка кабылганда Күрөңов ага кан бергени барган. 2019-жылы августта Жапаровдун уулу — Садыр уулу Дастан жол кырсыгына кабылган. Ал кырсык болгондон кийин 4 күндөн соң каза тапкан.

«Сиз балаңыздын кырсыгына себепчи болгон адамды кечиргенде түнү бою ыйлаганы эсимде. “Мен ал кишинин ордунда болгондо, ушундай айкөлдүк кыла алат белем?” — деп өзүнөн өзү сурап ыйлаган. Көрсө сиз айкөлдүк эмес эле амалкөйлүк кылыптырсыз. Эл көзүнө боорукер, айкөл, адилеттүү көрүнүп саясий упай топтоптурсуз», — деп жазган активисттин жубайы.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында ал тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан.Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Тилекмат Күрөңов. Видеодон скриншот

Ал ошондой эле, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.

Тилекмат Күрөңов 15-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

Ошол эле убакта укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан Күрөңовдун үйүндө жана «Ханституцияга каршы» кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. 17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизүү чечимин чыгарган. Күрөңовго «Бийликти басып алууга аракет кылуу» беренеси боюнча айып тагылган. Андан кийин активист ачкачылык жарыялап, 26-апрелде ал үй камагына чыгарылган.

Бирок 20-августта Бишкектин Свердлов райондук соту активистти «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Шайлоочуларды сатып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга эркинен ажыраткан.