«Кумтөр» иши. Асылбек Жээнбеков менен Данияр Нарымбаев камакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 25-ноябрда сот парламент депутаты Асылбек Жээнбеков менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын узартканын билдирди.

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков.

Сот чечимине ылайык, «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалган Жээнбеков менен Нарымбаев 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Мурдараак сот депутат Төрөбай Зулпукаров менен экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди дагы ушундай эле мөөнөткө камакта калтырган. Алар да Кумтөр кенинине байланыштуу иш боюнча «коррупцияга» айыпталып жатышат.

Депутат Асылбек Жээнбековду жана президенттин аппаратынын экс-төрагасы Данияр Нарымбаевди УКМК 2021-жылдын июнунда кармаган. Эки саясатчы тең коррупцияга шектелип жатат.

Анда УКМК Нарымбаев «сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алынган далилдердин негизинде» кармалды деп билдиришкен.Кумтөр кениндеги коррупция иши боюнча бир катар саясатчылар кармалган. Тергөө жүрүп жаткан маалда экс-депутаттар Талант Узакбаев жана Исхак Пирматов коррупцияга аралашкан деп күнөөлүү табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.«Кумтөр» боюнча тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын УКМК 2021-жылдын августунда жарыялаган. Анда тергөө Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө жана «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары» масштабдуу коррупцияга жол берилгени тууралуу далилдер чогултулганы айтылган.

Улуттук коопсуздук комитетинен келишимдин шарттары «Кыргызстандын элинин кызыкчылыктарына жооп бербегенин» баса белгилешкен. «Кумтөр» боюнча алгачкы келишимдерге байланыштуу өлкөнүн биринчи бозгун президенти Аскар Акаев жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы башчысы Дастан Сарыгулов сыртынан кылмыш жообуна тартылган. Акаев тергөө учурунда Бишкекке келип кеткен, бирок тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан кармалган эмес. Бир жумадан кийин Акаев кайра өлкөдөн чыгып кеткен.

Ошондой эле, төмөнкү адамдарга издөө жарыяланган: экинчи качкын президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиев, директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Елисеев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов.