Иркутск шаарында шайлоо жыйынтыкталды. «Ата-Журт Кыргызстан» алдыда

Орусиянын Иркутск шаарындагы №9007 участогунда бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматка ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы алдыда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чекти Фейсбук колдонуучусу Мирбек Мунарбек уулу жарыялады.

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 319 адам катышкан. Анын ичинен 117 киши «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын шайлаган. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — 83 жана «Ыйман Нуру» — 34 добуш менен алдыңкы үчтүккө кирди. Ал эми үч адам «Баарына каршы» добуш берди.

№9007 участкасынын чеги. Мирбек Муратбек уулунун Фейсбук барагы.
  • «Ишеним» — 15;
  • «Ата Мекен» — 10;
  • «Альянс» — 10;
  • «Азаттык» — 10;
  • «Ынтымак» — 6;
  • «Эл үмүтү» — 4;
  • «Мекенчил эл» — 3;
  • «Улуу Журт» — 3;
  • «Социал-Демократтар» — 2;
  • «Ордо» — 2;
  • «Жашасын Кыргызстан» — 1.

Буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалин жана Владивосток шаарларында дагы шайлоо жыйынтыкталып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыга чыккан. Ал эми Хабаровск шаары боюнча «Ата Мекен» партиясы алдыда.

Чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо участкасы ачылган. Өлкө сыртында шайлагандар бир мандаттуу округ боюнча добуш бере албайт.

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

Хабаровск шаарында шайлоо жыйынтыкталды. «Ата Мекен» алдыда

Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Владивостокто шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним» алдыда